Menu

Жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулар жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча конференция болуп өттү

Бөлүшүү:

2018-жылдын 5-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунда “Жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу”-аттуу конференциясы болуп өттү. Бул тууралу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Конференцияга ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары милициянын отставкадагы полковниги Ш.Мамыров, Республикалык окуу борборунун башчысынын орун басары ю.и.к. милициянын полковниги К. Кадыркулов жана ушул конференциянын модератору ИИМдин КККнын жашы жете электердин укук бузууларынын алдын алуу боюнча борборунун башчысы, милициянын полковниги А.Абдырахманов жана Юнисеф балдар фондунун балдарды коргоо боюнча БУУнун программасынын координатору Е. Заиченко ошондой эле Бишкек шаарындагы балдарды коргоо фондуларынын, борборлорунун, ИИМдин КККнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекцияларынын, Билим берүү жана илим министрлигин өкүлдөрү катышышты.

Конференцияда бүгүн биздин коомдун алдында турган эң актуалдуу, социалдык мааниси терең, ооручундуу маселелердин бири-өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту азайтуу жана аларды алдын алууну жогорку деңгээлде алып чыгуу маселелери каралды. Видеотасмалар көрсөтүлүп, көптөгөн пикирлер, сунуштар айтылды ошолордун негизинде Сунуштама кабыл алынып, конференция ишин аяктады.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: