Menu

Курманкул Зулушев, депутат: Атамбаевдин кол тийбестик макамы жок, аны жоопко тартса болот

Бөлүшүү:

-Экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга сунуш кылдыңыздар. Эми ал мыйзам кабыл алынса Алмазбек Атамбаев кол тийбестигинен ажыратылып, камакка алынабы?

– Коомчулукта “экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу” деген туура эмес түшүнүк кеткен. Негизи экс-президенттин кол тийбестигин алуу жөнүндө мыйзам жок. Тактап айтканда, экс-президент кол тийбестик макамына ээ эмес. Аны мыйзамсыз иштери үчүн жоопкерчиликке тартууга болот, мыйзам ага жол берет.

– Атамбаевдин командасы болсо “кол тийбестик эч качан алынбайт, АША кылган кылмыштарына жооп бербейт”- дегендей маалымат таратып элдин башын айлантып жатпайбы. Буга кандай дейсиз?

– 2013-жылы кабыл алынган “Президенттин ишмердүүлүктөрүнүн кепилдиктери тууралуу” мыйзамды Конституцияга дал келтирүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. Мында экс-президентке айрым жеңилдиктерди берип, бирок жоопкерчиликке тартуу маселеси сакталат. Экс-президенттин статусун депутаттардын статусуна теңеп, эгер кылмышы аныкталса ЖКнын макулдугу менен жоопко тартуу маселеси каралууда. Парламент саясий куугунтук болуп же болбой жатканын карап берет.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: