Menu

Казакстан тынчтыкты сүйгөн өлкөлөрдүн рейтингинде акыркы ондукка кирди

Бөлүшүү:

Казакстан «Глобалдык тынчтык индексинин» рейтингинде өткөн жылга салыштырмалуу эки тепкичке төмөндөдү. Рейтинг өлкөлөрдөгү адам өлүмүнүн, полиция менен аскер кызматкерлеринин саны, ошондой эле курал-жаракка кеткен чыгымдардын көрсөткүчтөрүнө таянып түзүлөт.

Экономика жана тынчтык институнун жаңы иликтөөсүндө Казакстан «жогору» деген баа алган топтун арткы ондугуна жайгашып, 70-орун алды. Өлкө Бенин жана Никарагуа мамлекеттеринен кийин жана Марокко, Свазиленд өлкөлөрүнүн алдында жайгашкан.

Рейтингде эң жогорку баага 13 өлкө татыган. Алардын ичинде Исландия, Жаңы Зеландия, Австрия, Португалия, Канада жана Австралия мамлекеттери бар.

Орусия тынчтыкты эң аз сүйгөн өлкөлөрдүн ондугуна кирип, 154-орунга жайгашкан. Жалпысынан рейтингге 163 өлкө киргизилген.

121-орун алган Кошмо Штаттар орто баа ыйгарылган өлкөлөрдүн аягына жазылган. Эксперттер АКШ Орусия, Германия жана Кытай менен катар эле ири курал-жарак саткан өлкө болуп эсептеле турганын белгилешкен.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: