Бүгүн, 16-июнга карата Кыргызстанда дагы 100 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 57, Чүй облусунан – 11, Ош шаарынан – 11, Ош облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1, Нарын облусунан – 9, Талас облусунан – 3 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2472ге жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 186 адам;
– Ош облусунда — 261 адам;
– Ош шаарында — 280 адам;
– Бишкек шаарында— 783 адам;
– Нарын облусунда — 416 адам;
– Чүй облусунда — 226 адам,
– Баткен облусунда — 36 адам;
– Талас облусунда – 11 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 33 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 34 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 1847ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 9 адам; Чүй облусунан – 17 адам, Ош шаарынан – 3 адам; Жалал-Абад облусунан – 1 адам.
“Бүгүн Улуттук фтизиатрия борборунда 85 жаштагы аял киши оорудан улам каза болду” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 28ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ