Menu

Атамбаевден качып кетишкен Алмаз Үсөнөв, Абдил Сегизбаев жана Индира Жолдубаева табылабы?

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда анын айтканын «лам» дебей аткарып, Атамбаевди айга-күнгө теңеп, эң ишенимдүү адамдарындай түр көрсөтүп, кызматтан кызматка көтөрүлгөндөр бар эле.

Анан эле Атамбаев кызматтан кетип, кызмат эмес, оомат кошо тайып, дооматгар көбөйө баштаганда, баягы жандап жүргөн жандоочтору кумга сиңген суудай болуп жок болуп кетишти. Алардын экөө: УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен Атамбаевдин маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеп жүрүп, президентши аппарат башчысы болуп, элдин оозун ачырган Алмаз Үсөнов. Бул эки жигит Атамбаевдин тушунда маалымат саясатын колго алып, оппозицияны иттей ийлеген сюжеттерди, макалаларды таратып турушту. Анан эле акыркы мезгилде кара пиардын устасы болгон бул эки жигит көздөн далдоо болуп кетти. Көрсө, Алмаз Үсөнов менен Абдил Сегизбаевди биз эле эмес, Атамбаев өзү да ит менен издетгирип таба албай жатыптыр. Жакында эле Атамбаев «Алмаз Үсөновду таап кел» деп алдындагы жансакчыларына буйрук берип, алар Үсөновдун үйүн үч күн күзөтүп отурса да чыкпай койгону, акыры смс менен «мен барбайм» деп жазып ийгенин Атамбаевди сатпаган саналуу депутаттар жакасын кармап айтып жүрүшөт. «Учурда Үсенов да, Сегизбаев да телефондорун өчүрүп, үйлөрүнөн чыкпай жатышат» дейт. Эми не дейбиз? Атамбаев команда тандоодон жаңылганын өзү да сезип турса керек. Болбосо, Алмаз Үсөнов деген жигитти Атамбаев алты жыл канатына калкалап, акырында Үсөн Сыдыков, Медет Садыркулов деген лөктөр иштеген президентгик аппаратка башчы кылганы үчүн деле азыр Атамбаевдин жанында турушу керек эле го? Кайран сөз…

А баса, Атамбаев аппараттагы кагаз ташыгыч деңгээлдеги Индира Жолдубаеваны башкы прокурорлукка чейин көкөлөтүп, далай саясатчынын шоруна калтырганы эсиңерде болсо керек. Индира айым да шефине таптырбай «куйругун түйүп» кеткенине кыйла күндөр өтүптүр…

Алакозу Сагындыков

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: