Menu

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: Уурулук менен байыгандардын алды чет өлкөгө кире качышты

Бөлүшүү:

-Бегалы мырза, президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү Атамбаевдин бир кездеги айланасынан башталганы коомчулуктун бүйүрүн кызыта баштады. Бул күрөштө Жээнбеков чечкиндүүлүк менен ишти аягына чыгарганга күчү келеби? Асыресе, анын жооштугу мындай күрөштө жолтоо болбойбу?

– Ооба, президент Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күтпөгөн жерден баштап, баарыбызды таңгалдырды. Элдин баары «Жээнбеков Атамбаевдин тилинен чыкпаган, жетеленме президент болот» деп көзү ачыктык кылып жатышкан. Чынында мен деле ошентип ойлогом. Бирок, Сооронбай Шарипович Сингапурдун бир кездеги жетекчиси Ли Куан Ю сыяктуу коррупция менен күрөштү өзүнүн жакын досунун айланасынан баштаганы кызык болду. Жакын досу Атамбаевдин ууру досторун бүт кызматтарынан кетирип, оң колу Сапар Исаковду уурулук менен айыптап, үй камагына алдырды. Атамбаевдин доорунда уурулук менен байыган он чакты киши абакта отурат, бир нечеси куйругун түйүп чет өлкөлөргө качып кетишти. «Эрдик кылсаң сүрө кыл» дегендей, эми Сооронбай Шарипович ушул иштерди аягына чыгарып, досунун былыктарын да ачыкка чыгарып, мыйзам алдында жооп бердирсе кыргызга жакшы аты калат эле. Дагы бир белгилей кете турган нерсе, көп «кыйындар» былтыр президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков үчүн чуркап, ал жеңип чыккандан кийин «эми биздин заман келди» деп кутура башташкан. Бирок, Жээнбеков андайлардын уурулугу билинсе шайлоодо жардам бергенине карабай, принципиалдуу болуп, бир нечесин камактан калкалап калган жок. Бул өтө маанилүү көрсөткүч. Муну эл байкап турат. Ошондуктан, Жээнбековду эл колдой баштады.

– Бирок, айрымдар Сооронбай Жээнбековдун 6 айлык башкаруу доорун эчтеме иш кылбагандай, жөн гана иш козготуу менен убакыт өткөргөндөй сыпатташып жатышат го? Өкмөттүн ишине да жылуу пикирлер негедир жолдонбой жаткансыйт…

– Албетте, азыноолак «бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар» бар, алар атамбаевчилер. Бир кезде Атамбаев алты жыл тайраңдап жатса, бир ооз «эмне иш кылып жатасың? Жыйынтык кана?» дегенге жарабагандар бүгүн «Жээнбеков алты ай иштеп койду, кана жыйынтыгы?» деп опурулушат. Экинчи бир өзгөчөлүгү, өмүр бою «мени бирөөлөр өлтүргөнү жатат» деген маниясы бар Атамбаев президент болгондон кийин жансакчыларынын санын миң кишиден ашырып жиберген. Азыр эми Жээнбековду аз эле киши кайтарып, жумушка же аэропортко баратканда жолду Атамбаев сыяктуу кан буугандай көп убакка жаппай, баарын эби менен жасап жатышканы жакшы жөрөлгө. Мен бая күнү аэропорттон келатсам премьер-министр Абылгазиев аэропортко чаап баратканын көрүп калдым. Узатканы эки эле машина, жол тоскондор да бир ууч эле, анан Кудай бетин ары кылсын, Сапар Исаков премьер-министр болгон кезди эстедим. Бул «балашка» «аташкасын» туурап, жолду бууп салчу. Баарыбыз ал өтүп кетмейинче, аны жетесине жеткирип сөгүп турчубуз. Сапар Исаков премьер-министр катары кооз сөздөрдү айткандан башка эч нерсе жасаган жок. Анын эч кандай ресурстар менен бекемделбеген кооз сөздөрүнө ишенген жаштарга таңкалам. Экономикабыз очойгондон очоюп баратса да «экономикабыз гүлдөп өсө баштады» деп ишендиргени кандай эки жүздүүлүк эле? Мына ушундай Атамбаев менен Исаковдун мурасы болуп калган очойгон экономиканы ондоп кетүү азыркы премьер-министр Абылгазиевге оңойго турбайт.

Ошентсе да премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттөгү күнүмдүк кадыресе иштер менен гана алек болуп, ошондон башы чыкпай калды. Жаңы премьердин ишинен жаңычылдыкты, демилгелүүлүктү көрбөй жатабыз. Канткенде кыргыз экономикасын Атамбаев менен Исаков тыгып салган саздан чыгарып кетүү боюнча стратегиялык пландарын айта элек. Азыр премьер-министрден эл ээрчип кете турган идеялар керек. Канткенде биз мурунку бийлик түптөп кеткен коррупциядан арылып, жаңы өнүгүү жолуна түшөбүз, коррупцияга каршы күрөштөн өлкө казынасына канча миллион доллар өндүрүлүшү планданып жатат? Кумтөр, Жерүй жана башка коррупцияга баткан алтын кендери боюнча пландары кандай? Эл чарбасынын кайсы тармагын эң биринчи өнүктүрүп, элге жыйынтыгын көрсөтө алат? Кадр саясаты боюнча кандай пландары бар, эмнеге мурун кылмыш иши козголгон кадрларды кайра эле мамлекеттик кызматтарга коюп жатат? Эмнеге Армениянын жаңы премьер-министри Пашинян сыяктуу күн сайын элге Фейсбуктан кайсы кадрды эмне максатта тигил же бул кызматка койгонун түшүндүрүп отчет берип турбайт? Дүйнөлүк саясаттын дөө-шаалары Трамп, Медведев, Пашинян жана башкалар өз элине ар түрдүү көйгөйлөр боюнча социалдык тармактар аркылуу эле пикирин билдирип жатпайбы. Качан жаңы жумушчу орундары түзүлө баштайт? Качан мугалимдер менен врачтардын айлыгы көтөрүлө баштайт? Качан ар түрдүү тойлорго жана оюндарга тартыштуу бюджеттен акча бөлүү токтойт? Мына ушул сыяктуу толгон-токой маселелер суроолорду жаратат, бирок жооп жок. Ошондуктан «Абылгазиевдин кабинети Кыргызстандын экономикасын кризистен алып чыгып кете алабы?» деген суроого жооп жок болууда.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: