Кубанычбек Кулматов Бажы кызматына башчы болуп келээри менен бажы төлөмдөрү укмуштуудай көп чогула баштаганын айтып мактанган эле. 6-июнда Бажы кызматынын жетекчилери “Кабар” маалымат агентствосунда пресс-жыйын өткөрүп, Кулматовдун берген маалыматын популизм деп чыгышты. Ошондой эле алар, Кулматовду элди сандар менен алдагандыгын ачыктап беришти. Көрсө, Кулматов мырза, элдин көңүлүн бурдуруу максатында, бажыдан түшкөн төлөмдөрдү жасалма түрдө жогорулатып, коомчулукту дүрбөткөн экен. Учурда Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарында мэр болуп турганда, Калыс-Ордо жаңы конушунда мектеп салдырып, коррупциялык иштерге аралашканы үчүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ