Menu

Кыргызстанда сот органдарын өнүктүрүү боюнча экинчи максаттуу программа иштелип чыкты

Бөлүшүү:
2018-2022-жылдарга карата сот органдарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик максаттуу программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот реформасы боюнча кеңеш тарабынан жактырылган, жана аны башкы максаты – соттордун натыйжалуулугун, айкындыгын жана көз карандысыздыгын арттыруу болуп саналат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын соттор аралык судьясы жана жумушчу топтун мүчөсү Гульжан Есеналиева «11.15 ExpertCafe» тегерек столунда билдирүү жасады.
  «Сот бийлигинин көз карандысыздыгы, коомдун ишенимин арттыруу, ачыктыкты камсыз кылуу, инфратүзүмдү заманбап кылуу жана жаңы технологияларды жүзөгө ашыруу аркылуу сот системасынын натыйжалуулугу камсыз болушу мүмкүн, жана ушул пункттардын баары 2017-2022-жылдарга карата Мамлекеттик максаттуу программасында караштырылган», – деп Гульжан Есеналиева белгиледи.
Мамлекеттик программа судьялардын айлык акысын көтөрүүгө багытталган эмес. Бюджет сот аппараттарынын натыйжалуулугун жана алгылыктуулугун жогорулатууга, инфратүзүмдү заманбап кылууга, автоматташтырууга жана процесстердин бардык жерде угуу жана көрүүнү жазууга, электрондук сот адилеттигине багытталган. Есеналиеванын айтымында, бардык сумма республикалык бюджетке карата эсептелген, анткени мындай программаны эл аралык донорлордун эсебинен толтурууга мүмкүн эмес.
Жумушчу топтун мүчөсү жана Чүй областтык соттор аралык сотунун судьясы Нурлан Султаналиев максаттуу программа эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыккан жана адилеттүү сот системасын түзүүгө багытталган деп айтып берген.
«Биз көз карандысыз жана адилеттүү сот системасын түзүүгө жол ачкан оптималдуу документти жаратууга аракет кылганбыз. Программанын бардык иш-чаралары сот системасындагы коррупциянын жана коррпуциялдык көрүнүнштөрдүн алдын алуу үчүн иштелип чыккан. Бул сот системасына жана коомго адилеттүү системаны жаратууга жардам берет» – деп Нурлан Султаналиев белгиледи.
Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун сот реформасы боюнча кеңешчиси Дастанбай Айжигитовдун пикири боюнча угуу-көрүүнү жазууну жүзөгө ашыруу жана сот менен процесстен тышкары байланышты кыскартуу боюнча программада каралган иш-чаралар буга жетишүүгө жардам берет.
«Бул программа сот системасына копетенттүү кадрларадын келишин жакшыртат жана ММК үчүн сот органдарынын ачыктыгын камсыз кылат. Пландаштырылган жана нагыз бюджеттерди контролдоого жана чыгымдарды көрүүгө болот» , деп Айжигитов белгиледи.
Көз карандысыз эксперт Мадина Давлетбаева электрондук сот адилеттиги жана соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча коомчулуктун сунуштары жаңы максаттуу программада чагылдырылыптыр деп ыраазычылыгын билдирди.
«Жакында эле Жогорку соттун сайтынан процесстен тышкаркы кайрылуулар боюнча файлдарды таптым, бөтөн эле кишилер судьянын чечимине таасир этүүгө аракет кылышууда, – деди Давлетбаева, – максаттуу программанын алкагында ачыктык тажрыйбасын толугу менен ишке киргизүүдө сот органдарына басым көрсөтүлүп жатат деген, анын ичинде ММКдагы көп сөздөн да арылса болот».
Программанын алдын ала бюджетинде 12,4 млрд сом караштырылган, ал кийин жагында өкмөт тарабынан түзөтүлөт. Азыр мамлекеттик органдардан жана БӨУлардан өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар келип түшүүдө, ал эми аларды өкмөт менен макулдашкандан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынуусу күтүлүүдө.
«2014-2017-жылдарга карата биринчи мамлекеттик максаттуу программанын алкагында эле сот органдарынын бюджеттинин чыгымдалуучу бөлүгүн 2%га чейин бюджетти көтөрүү караштырылган, бирок азыр анын көлөмү 1,15%ды түзөт – деп Гульжан Есеналиева белгиледи – 2021-2022-жылдарга карата системанын тиешелүү деңгээлде иштөөсүн камсыз кылуу үчүн 2%дык каржылоого жетишебиз деп ойлойм».
Стратегиялык документти иштеп чыгууда бийликтин сот, мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бутактарынын өкүлдөрү  катышкан, алар сот органдарынын функционалдык анализин, анын ичинде мыйзамдар, кадрлар, социалдык кепилдиктер, коррупциялык көрүнүштөр жана судьяларды жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык чөйрөлөр функционалдык анализ жасашкан. 2014-2017-жылдарга карата Биринчи Мамлекеттик максаттуу программа сот бийлигине республикалык бюджеттеги каржылоо үлүшүн 0, 42%дан 1,15%га чейин көтөрүүгө жардам берди. Жогорку соттун аткаруу процессине катыштыгы жарымынан ашуун сот актыларын онлайн жарыялоого, материалдык-техникалык камсыздоону жана сот кадрларын окутууну жакшыртууга жол берди.
«11.15 ExpertCafe» – бул ММК жана со адилеттиги өкүлдөрү үчүн Кыргызстанда сот жана укук коргоо органдарын реформалоо, ынытмакка чакыруу жана укук маданиятын өнүктүрүү боюнча жаңы аянт. Биринчи жолугушуу Бишкекте USAID-IDLOнун «Сотко ишеним» долбоорунун алкагында болуп өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: