Menu

Артыкбаев “Жогор жактан буйрук бергендер камалышы керек” деп жарылды эле, абакка алышты

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн санында Осмонбек Артыкбаевге эмне үчүн кылмыш иши козголбойт деп суроо койсок, эртеси күнү Артыкбаев өзү телефон чалып “Силер эмне себептен мага кылмыш иши козголбой жатат деп жазасыңар? Бир билгениңер барбы? Сапар Исаковго бир нерсеси бар үчүн кылмыш иши козголду да. Мен таза болсом кантип кылмыш иш козголмок эле…” деп көп сөздү айтып актанып алды эле. Ал өзүн 386 млн долларга аралашпаган “ак карга” экенин далилдегиче коррупция беренеси менен кылмыш иши козголуп, ошол күнү эле абакка кирип кетти. Эми ак экенин ошол жакта жатып, тергөөчүгө айтып актана турган болду. Парламентте “Жогор жактан буйрук бергендер камалышы керек” деп жарылды эле, тергөөдө буйрук бергендерди дүңүнөн сатып көрсөтмө берсе, анын айтканы түз эле АШАга барып такалганы туру.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: