Menu

Жылкыбаев ордунан жылмышат экен

Бөлүшүү:

Кызматка келген адамдар байлык топтоо, сый-ургаал көрүү, каада күтүү жана биографиясына «баланча кызматта иштеген» деп бадырайта жаздыруу үчүн гана эмес ошол кызматын ак дилден аткаруу үчүн келишсе «точуно» торгойлор койлордун үстүнө жумурткалап башташмак. Бирок, бул кыял жана жомокто гана боло турган окуя тура. Өкмөттүн Ысык Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев адеп аталган кызматка келгени ааламга жаңы лидер жаралгандай эле пиарланган. «Эми Ысык-Көлдү гүлдөтүп салат, туристтердин түшүнө Кыргызстан анан Ысык-Көл гана кирип жинигишет» деген өңдүү маалыматтар тараган. Бирок, ортодо убакыт деген удургуп атып, бир топ мезгил өтсө да Узарбек мырзанын иши узарбай койду. Ток этээрин айтканда, көзгө көрүнөөрлүк бир да иш жасай алган жок… Мына ушул себептерден улам «макталган кыз» сыңарындагы Узарбек Жылкыбаевдин кызматтан кетээри каңкууланууда. Туура, иштеш керек, иштей албаган соң илең-салаң болбой кетиш керек эмеспи.

Булак: De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: