Menu

“Санаанын оорусу” Салайдин Авазовду бастыбы?

Бөлүшүү:

Биздин аткаминерлер камалса эле ооруп калат, иттики. Ага дейре ден соолуктарына карабастан эл-жер үчүн катуу иштешет окшойт. Же качан ичип-жеп алган соң «ден соолукту карайлы, эми» дешкендериби, айтор жоопкерчилик дегенге келгенде эле соо бирөө жок. Ушул жылдын январында Бишкектин Жылуулук электр борборунда авария болуп, шаар бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калганы жакшы эле болгон экен. Дегеним, аталган окуя бир жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын-пикирлерди күчөтуп, Кытай берген 386 миллион доллардын сол чөнтөккө соймоңдогон бойдон кирип кеткенин ачыктабадыбы. Мына ушул окуя боюнча негизги күнөөлуү делгендердин бири Салайдин Авазовдун абакта ооруп жатканы айтылууда. Жалал-Абад шаарынын мэри болуп турган Салайдин Авазов ТЭЦтеги авария боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында камалган. Авазов буга чейин «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору болуп иштеген. Кызык, миллиондорду «жеп» жатканда «Кантип сиңирем?» – деп ойлонуп коюшпаптыр ээ?

Булак: De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: