Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Өз добушунду сатпа! (видео)

Бөлүшүү:

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоолоруна алгачкы жолу катышып жатса дагы, борбор шаардын көйгөйлөрүн жакындан таанып, аларды чечүүгө өз долбоорлору менен келди. «Натыйжа көрсөтөбүз!» платформасы аркылуу шаардын олуттуу маселелерин чечүүнү демилгелеп келет.

Жол тыгындарын чечүүнүн эң эффективдүү жолу катары көп деңгээлдүү парковкаларды курууну (алгачкысын мурунку Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна) демилгелеген. Ошондой эле чоң трассалардагы жыштыкты азайтуу үчүн жардамчы көчөлөрдү оңдоп-түзөөнү сунуштаган. Мэрия ушул тапта бул маселелерди ишке ашырууну баштаганын билдирди.

Шаарды жашылдандыруу маселесине келгенде, ирригация системасына жооп берген (СССР убагындай) атайын мэрия астындагы структура түзүүнү сунуштайт. Ошондой эле бак-дарактарды отургузууда дагы заманбап ыкмаларды колдонуп, көчө жээктерин, башка жашыл аймактарды кеңейтүү жолдорун көрсөттүк.

Мындан тышкары, шаардагы коомдук транспорттун системасын жакшыртуу, шаар башкармалыгындагы ачыктыкты, тактыкты талап кылуу, жаңы конуштарга, шаар сыртына альтернативалуу борборлорду куруу сунуштарын берип келет.

Өз добушунду сатпа! Бишкекте натыйжа көрсөтө алган партияга добуш бер!  «Өнүгүү-Прогресс» партиясы натыйжа көрсөтөт!

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: