Menu

Соттордун союлу Чудиновго өтпөйбү же бир иштеги эки ажырым чечимдер

Бөлүшүү:

Акыйкатты ачакей жыгачтын башына жип илип туруп асып койгонду биздин өлкөдөн гана кезиктире аласыз. Дегеним, 1-июнда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун жана мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин иши каралып, сот чечимин чыгарды. Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өкүмү өзгөрүүсүз калды. Эске салсак, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган. Ал эми ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудинов менен вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге 5 миллион сомдон гана айып салынганы кызык.

Ырасында, улам бул иш боюнча негизги күнөөлүүлөрдүн бири болгон Игорь Чудинов мандатынан кол жуушу керек болчу. Бирок, бул «чудосу» чубалган Чудинов болгону 5 миллион сом жаза менен кутулуп кете береби?! Аныгында эгер Самаков жерлерди «мыйзамсыз трансформациялап» алган болсо так ошол мыйзамсыздыкка жол берген, же жерди мыйзамдаштырып берген так ушул Чудинов деген эргул эмеспи. Акыйкатында Самаковго айып пул салынып, Чудинов камалышы керек эле. Анткени, Өкмөт башчы болуп туруп кызматынан кыянаттык менен пайдалана жерди бирөөгө менчиктеп берүүгө кол койгон өзү эмеспи? Же соттордун союлу Чудиновго өтпөйбү? Эң башкысы адилеттиктин жыты да жок бул иш жалпы сот системасына анык көө болуп сүйкөлбөйт деп ким кепилдик бере алат?

Аман Иманалиев

Булак: De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: