Menu

Түркмөнстан эмгек мигранттарды мекенине кайтаруу чараларын күчөттү

Бөлүшүү:

Түркмөнстан бийлиги чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарын кайтаруу боюнча чараларды күчөттү.

Учурда аткаминерлер жарандардын эски паспортторун үч жума ичинде жаңысына алмаштырууга, миграциялык мыйзамдарды бузгандарды жоопкерчиликке тартпоого убада берүүдө.

Түркмөнстандагы “Азатлык” радиосу маалымдагандай, мигранттарды мекенине кайтаруу үчүн түркмөн бийлиги убада гана бербестен, аларды туугандары аркылуу кысымга алууда. “Мигранттар кайтууга ашыкпагандыктан, туугандарына кысым башталды. Бюджеттик тармак кызматкерлерине чет өлкөдө жүргөн үй-бүлө мүчөлөрү кайтып келишпесе, кесепеттери оор болорун эскертишүүдө”, -деди “Азатлык” Ашхабаддагы кабарчысы.

Түркмөнстандыктар иш издеп көбүнчө Түркияга барышат. Акыркы учурда Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжанга багыт алгандардын саны да артты.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: