Menu

Бабанов Москвага эмнеге барды?

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы президенттик кызматка күчтүү талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов 20-августта Москвада Россиянын президенттик администрациясында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүлөр эмне тууралуу болуп, эмне менен жыйынтыкталганы азырынча белгисиз. Саясатчы өзү болсо инстаграмм баракчасында Патриарших прудахтагы Италия ресторанында Россияда иштеп жаткан кыргызстандыктар менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөтүнө караганда, президенттикке талапкер Патриарш көчөсүндө жайгашкан «Павльондо» болгон окшойт.

Өмүрбек Бабанов өзгөчө күчтүү талапкерлердин тобуна кирет жана азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болуп эсептелет.

Акыркы жумаларда Өмүрбек Бабанов Россиянын ЖМКларында кызуу ишмердүүлүк жүргүзүп, кыргыз-орус кызматташтыгы темасында көп маселелерди көтөрүүдө. «Эксперт» журналына берген интервьюсунда саясатчы Россияга Кыргызстанда дагы бир базаны ачууну сунуштады.

Кыргыз саясатында Москванын ролу дайыма күчтүү болуп келген. Президенттик жана парламенттик шайлоолордун учурунда Кыргызстандын саясый ишмерлери Россиянын колдоосуна ээ болууга аракет кылышат.

Кыргызстандагы бул жолку шайлоодо Россия саясый процесстерден көз көрүнөө оолактап, талапкерлердин эч бирине колдоо көрсөтө элек.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: