Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстан Республикасынын парламентинин Мажлисинин Төрагасы Нурлан Нигматулинди коңшу өлкөнүн мамлекеттик майрамы – Борбор шаар күнү менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:
“Борбор шаар күнүнө байланыштуу Сизге жылуу куттуктоолорумду жөнөтүп жатканыма абдан кубанычтамын!
Бүгүн Астана калаасы көз карандысыздыктын жана заманбап Казакстандын эгемендүүлүгүнүн символу болуу менен бирге, мамлекет башчысынын акылмандыгын, көрөгөчтүгүн, ал эми казак элинин эмгекчилдигин жана кеңири мүмкүнчүлүккө ээ экендигин айгинелеп турат.
Учурда дүйнөдөгү кооз шаарлардын бири катары таанылган Астана өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий борбору гана болбостон, эл аралык маанилүү окуялар жана иш-чаралар өткөн жайга айланды.
Жогорку Кеңеш боордош казак элинин ийгилигин кубануу менен кабыл алып, Казакстандын гүлдөп өнүгүшүн жана эл аралык деңгээлде аброюнун чыңдала берүүсүн тилейт.
Айрыкча, Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык кызматташтыгы эки элдин байланыштарын өнүктүрүп, бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишеничтемин.
Учурдан пайдаланып, Сизге бакыт, бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм. Ал эми боордош Казакстан эли тынчтыкты жана бакубатчылыкта өнүгө берсин!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ