Menu

Өзбекстан: Жогорку сот коргоого муктаж күбөлөрдүн бет түзүлүшүн өзгөртүүнү сунуштоодо

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Жогорку Соту кылмыш иштеринде күбө катары өтүп жаткан адамдарды коргоо үчүн алардын бет түзүлүшү менен паспортторундагы маалыматтарды өзгөртүүнү сунуштоодо.

Жогорку сот «Жабырлануучуларды, күбөлөрдү жана кылмыш иштеринин башка катышуучуларын коргоо тууралуу» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документте олуттуу кылмыштар боюнча күбөлөрдү коргоо программасына киргизилген адамдардын бет түзүлүшүн өзгөртүү, паспорттогу маалыматтарын жаңыртуу, алардын турак-жайын коргоо, ошондой эле жашаган жана иштеген жерлерин алмаштыруу чаралары сунушталган.

Мыйзам долбоорунда күбөлөрдүн бет түзүлүшүн алардын макулдугу менен гана өзгөртүүгө уруксат бериле тургандыгы белгиленген. Күбөлөрдү коргоо программасы мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: