Menu

Турсунбек Акун: “Мен президент болуп өтпөй калсам, Соке көп жагынан татыктуу талапкер болот”

Бөлүшүү:

— Туке, сиздин президенттикке талапкерлигиңизди колдоп чогултулган колдордун көбүн БШК жараксыз деп тапты. Неге жараксыз болмок эле деп күрөшкөнү жатасызбы?

— БШК Турсунбек Акундун талапкерлигин таптакыр каттабай, оюндан четтетиле элек. Алардын чогултулган колдор боюнча чечимин сот аркылуу ордуна койдурса болот. Райондор аралык сотко кайрылып, БШКнын аракетин сотко берем.

— Сот аркылуу БШКнын чечимин ордуна койдурам деген Турсунбек Акун азыр Союз мезгили эмес экенин унутканбы?

— Чындыгында бир топ саясатчылар сотко кайрылып, БШКнын чечимин ордуна коё алган эмес. Мен укук коргоочу катары арызды кантип жазышты жакшы билем. Туура, соттордун көбү кошоматчы, бийлик эмне десе ошону аткара тургандар. Турсунбек Акун бул бийликке оппозиция болуп чыкканы жок, оппозицияга кошулбады, калыс сөзүн гана айтып келатат. Мен талапкер болуп катталганымда дагы шайлоодон жеңип чыкпай турганымды да билем. Бирок, алдаркөсөлөр президент болуп калбасын, таза адам өлкө башчысы болсун деп аракет кылып жатам. Менин максатым эле ошол. Ошондуктан соттор туура чечим кабыл алышы керек.

— Макул, чогулткан колдоруңуз жарактуу болсун, күрөөгө койчу миллион сомдун эсебин кантип табасыз?

— 650 миң сомду төгүп койгом. Соттон утуп алсам эле 350 миң сомду нары-бери чуркап табам да.

— 650 миң сомду үйүңүздү күрөөгө коюп, жеңемин да жемесин уктуңуз. 350 миң сомду табам деп жеңемен муш жеп калбайсызбы?

— Мен саясатта калыстык, акыйкаттык үчүн күрөш жүргүзүп келатканымды жеңең да туура түшүнөт. Ушул принцибимди жеңең колдогону үчүн 37 жылдан бери чогуу жашап келатабыз. Жеңең жемелегени менен баягы эле Турсунбек Акун да. Мен аялга баш ийип калган адам эмесмин. Көп маселелерди өзүм чечем. Аялдарга баш бербейм.

— Шайлоого катышам деп жашап жаткан үйүңүздү күрөөгө коюп жеңемин жинине тийдиңиз. БШК чогулткан колдорду жараксыз деп тапкандан кийин, жеңем туура эле кылды деп кубанып атса керек?

— Тескерисинче, жеңең да кабатыр болуп жатат. Анткени, ал дагы менин таза талапкердин жолун ачып берейин деп шайлоого баратканымды түшүнөт. Турсунбек Акундун баркын билген талапкер президент болуп калса, мага да сый мамиле кылат деген ойдомун.

— Анда сиз деле бирөөнүн үгүтчүсү катары кызмат кылат турбайсызбы? Жетелейин деген таза талапкериңиз барбы?

— Калың китеп окубаган, бирок чөнтөгү калың, байлык, бийлик дегенден башканы билбеген жигиттерден көрө, калың китеп окуган, Советтик системада тарбияланган, өмүр бою күрөш менен келаткан мен президент болушум керек. Бирок, менин тыйыным жок болгону үчүн президент боло албайм. Болбогондон кийин мен дагы таза талапкерди президент кылып алып келишим керек да. Президент Алмазбек Атамбаев деле өзүнүн талапкерин тандабадыбы. Ал өзүнүн алган багытын улантуучу кишини тандап жатат. Ал эми Соке менен чогуу окуган курсташпыз. Мен ветеринардык факультетти, Соке зоотехникалык факультетти бир жылда бүткөнбүз. Соке капчыгы калың жигиттерге караганда таза иштеп келатат. Эч кандай алдым-жуттум дегенге барбайт. Чыныгы атанын баласы. Атасы элден алган эмес, тескерисинче колундагысын элге берген киши болчу. Мен президент болуп өтпөй калсам, Соке көп жагынан татыктуу талапкер болот.

— Талапкер болуп катталбай калсаңыз деле Сокеге иштейт турбайсызбы?

— Мен эч кимге иштебейм. Сокенин да чопкутун көтөрүп чуркап жүрбөйм. Калыс кебимди айтам. Премьер-министр болуп иштей албай, жыдып кеткендер шайлоого баратышат. Сокем премьер-министр болуп жакшы иштеп, президенттикке бара жатат. Аларга караганда бир топ эле бийик. Штанганын бир салмагын багындыра албагандар андан да оор салмакты багындыра алабы? Сокени президент өзү көрсөтүп жатат. Президент деле жаман иштеген жок. Туура, кемчилиги да бар. Оппозицияны каматты, өзүнүн атаандаштарына куугунтук жасады. Жасаган иштерин жалпылап алганда көп иштери жакшы болду.

— Талапкер болуп жаткандар эки жээк болуп бөлүнүп жатышат. Сиз кайсыл жагына өтөсүз? Же бирде наркы жээктен, бирде берки жээктен кабар алып, ортодо секирип жүрөсүзбү?

— Мен эки жагына тең өтпөйм. Калыстыкты туу туткан ортодогу талапкер болом. Эч жагына ооп кете албайм. Мисалы, Сокем дагы шайлоо учурунда туура эмес иштерди жасаган болсо ачык айтып чыгам. Мен ушундай адаммын. Ошон үчүн Турсунбек Акун көп адамга жакпайт. Эмне үчүн Сокени сыйлайм? Себеби, ал менин алдымдан эч качан кыя өткөн эмес. Экөөбүз көп жылдардан бери сый мамиледе келатабыз. Башкаларга окшоп артка жылтаңдаган жок. Атамбаевдин иши туура, туура эмеспи, аны сатпай жанында жүрөт. Ошол жигиттигин сыйлайм. Мен дагы сатпаган жигитти жакшы көрөм. Соке президент болуп келсе өлкөнү чачыратып жибербейт. Эл колдосо, президент болуп шайлана берсин. Мен өзүм шайлансам болот эле, шайлана албай жатпаймынбы. Анткен менен соодагерлерди өткөрбөш үчүн колумдан келген аракетимди кылам. Алар президент болуп келип калса Кыргызстанды сатып жиберет.

— Сиз ачкачылык жарыялоо боюнча мастерсиз да. Талапкер болуп катталбай калсаңыз ачкачылык жарыялап баштабайсызбы?

— Сот менин пайдама чечим чыгарбаса, ошол чечимди сыйлап, күрөөгө койгон акчамды алып, баарына рахматымды айтып кете берем. Ачкачылык жарыялабайм. Бирок, шайлоодон четтебейм. Кыргызстан боюнча кыдырып, кимдин-ким экени тууралуу калыс сөзүмдү айтам.

— Эмне үчүн сиз бийликтин талапкерин мактап, бириккен төрт саясатчыны мактабайсыз?

— Алар да чоң күч. Буларды такыр эле чийип салган болбойт. Ахмат, Камчы экөөсү тең жөнөкөй жигиттер эмес. Оштогу кандуу тополоңдо кыргыз эли үчүн тикесинен-тик туруп беришкен. Экөөсү тең кыргыз дегенде жүрөгүн берген азаматтар. Адахан дагы кыргыздын патриот жигиттеринин бири, оңой жигит эмес. Анын улутчулдугун сыйлайм. Бакыт болсо мамлекеттин казынасына кол салбай, өзүнүн байлыгы менен көп иштерди жасап жүрөт. Азыр болсо бийликке көчүгүн тосуп кыйшаңдабай, оппозициялык маанайда жүрөт. Ушул сапатын сыйлап жатам.

— Сиз кээде оппозицияны колдосоңуз, бир туруп бийликти колдоп кетмей адатыңыз бар. Туруктуу позицияны кармансаңыз Турсунбек Акун болбой каласызбы?

— Саясатчылардын баары коктуга кирип алышкан. Оппозициянын өзүнүн коктусу бар. Ал коктудан чыксаң атып салат, болду өлөсүң. Бийликтин да коктусу бар, алар Атамбаевди мактап ошол коктуда жүрүшөт. Башка коктуга өтө албайт. Мен болсо эки коктунун ортосундагы кырда жүргөн адаммын. Мени ал кырдан эч ким түшүрө албайт. Силер болсо аны мактайсың, муну мактайсың дейсиңер. Атамбаевдин жакшы жактары болсо эмнеге мактабайм? Жаман жактарын деле айтып жатпаймынбы. Оозуна келген сөздүн баарын орок оргондой эле оруп жатат, кете турган учурунда өзүнүн санаалаштары менен чабыша кетти, тынч кетсе болот эле деп сындап эле жүрөм. Бирок, айткан сөзүнөн жогору болгон жасаган иштери да бар. Көчмөндөр оюндарын өткөрдү, түндүк-түштүктү бириктирген альтернативдик жол салынып жатат, Датка-Кемин бүтүп калды, эң негизгиси 6 жыл бою өлкөдө стабилдүүлүк болду. Ушундай жакшы иштерин бир ооз сөзү менен жууп коюп жатат да.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: