Бишкек ТЭЦинин модернизациясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Каржы министри Ольга Лаврова УКМКга сурак берет. Булар модернизациянын алкагында Кытайдын «Инэксимбанктан» 386 млн. доллар алган келишим менен кытайлык ТБЕА компаниясы менен ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишимдерге кол коюшкан. Бирок качан болсо “суудан кургак чыккан” Жантөрө Сатыбалдиев келишимге кол койбогонун, каржылык долбоорго кол коюу үчүн ыйгарым укуктарын ошол кездеги каржы министри Ольга Лавровага өткөрүп бергени айтылууда. Бирок сүйлөшүү жүргүзүүдө Китай өкүлдөрү менен жалаң өзү жолугушкан. Демек, канчалык өзүн сак кармаса да, кылтакты үзүп кете албай турган фактылар бар. Баарын Лавровага шылтап, жоопкерчиликтен кутулуп кетем десе жаңылышат. Бул жолу жооп бериш керек…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ