Menu

ИИМ: Министр Кашкар Жунушалиев Баткен облусунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун багытындагы иш-чараларды көзөмөлгө алууда

Бөлүшүү:

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун багытындагы иш-чараларды көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин башчысы ички иштер органдарынын өздүк курамы менен биргеликте мамлекеттик чек арадагы кыргыз-тажик участкасында абалды жөнгө салуу маселесин талкуулап, коомдук тартипти камсыздоо менен жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды коюп, андан сырткары башка күч түзүмдөрү жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кошо чек арага чектеш райондордун калкына түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Министр, чек арадагы абалды курчутууга жол берилбей тургандыгын жана калыс иликтөө жүргүзүү керектигин белгиледи.

Баткен облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Милиция кызматкерлери күнү-түнү чек арага чектеш аймакта күзөттө болушат.

Азыркы убакта милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мамлекеттик чек арадагы кыргыз-тажик участкасында абал туруктуу.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: