Тажикстандын жүздөгөн жараны казак-өзбек чек арасынан өтө албай, «Жибек Жолы» көзөмөл бекетине жакын жерде топтолуп турат.
Мигранттардын айтымында, аларды бул жерге Тажикстандын Казакстандагы элчилиги Алматы шаарынан алып келген.
— Бул жерге жети автобус менен келдик. Бизге Тажикстандын чек арасына чейин жеткиребиз дешкен, бирок мында калтырып коюшту. Бул жерде дагы 300гө жакын жердештерибиз бар экен. Азыр эмне кыларыбызды билбей турабыз, — деди Ильхом Бобиев аттуу жаран.
Тажикстандын Казакстандагы элчилиги бул маалыматты ырастап, 1-июлда бир нече жумадан бери кете албай турган 100гө жакын жаран мекенине жеткирилгенин билдирди. Калгандары Тажикстанга «жакынкы 2-3 күндүн ичинде» жеткирилет.
19-июнда Миграция боюнча эл аралык уюм казак-өзбек чек арасындагы «Жибек Жолы» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу 14 автобус менен Тажикстандын 635 жаранын мекенине жеткирген. Мигранттарды үйлөрүнө жеткирүүгө АКШ, Норвегия жана ЮНИСЕФ уюму каржылай көмөк көрсөтүшкөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ