Menu

Орус-казак чек арасындагы мигранттар жол тосууга аракет жасашты

Бөлүшүү:

1-июлда орус-казак чек арасында топтолуп турган борбор азиялык 200дөн ашуун мигрант Казакстанга алып бара турган чоң жолду тосууга аракет жасашты.

Күбөлөрдүн айтымында, жол тоскондорду полиция кууп тараткан. Натыйжада тартип сакчылары менен мигранттардын ортосунда тирешүү болуп, полициячылар бир нече кишини резина союлдар менен сабашкан. Бирок Оренбург облусунун Бузулукский районунун полициясы бул маалыматты четке какты.

Полициянын маалыматына караганда, Бузулукский районуна жакын чек арада борбор азиялык 200дөй мигрант турат.

Мигранттар болсо Оренбург облусунун ар кыл аймагында миңге чукул өзбекстандык топтолуп калганын билдиришүүдө.

Өзбекстан, Казакстан жана Орусия өкмөттөрүнүн макулдашуусуна ылайык, 18-19-майда Казакстан аймагы аркылуу 1200 өзбекстандык үчүн транзиттик коридор ачылган. Өзбек өкмөтү жарандарды алып кетүү үчүн 125 миң рубль жумшалганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: