Menu

MTV-Россия телеканалы кыргызстандык жаранды кемсинткен Артур Цветковдун аракеттерин колдобойт

Бөлүшүү:

MTV-Россия телеканалы Инстаграмдагы постунда, телеалыпбаруучу Артур Цветковдун аракеттерин жана билдирүүлөрүн колдобой тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, окуя 11-августта катталган. Анда Москвадагы кафелердин биринде телеалыпбаруучу Цветков менен кыргызстандык жарандын ортосунда жаңжал чыккан. Алып баруучу мекемеге бет капты туура эмес тагынып кийген. Мындан улам тамак-аш пунктунда иштеген кыргызстандык бет капты туура кийүүнү суранган. Алып баруучу агрессивдүү жооп кайтарып, орой мамиле кылып, кызматкерге кол салган.

Бул окуядан кийин, кыргызстандыктар нааразычылыктарын социалдык тармактарга, анын ичинде MTV-Россиянын Инстаграмдагы постторундагы комментарийлеринде билдире башташты. Колдонуучулар Артур Цветковду өзүнүн иш-аракеттери үчүн телеканалдан бошотууну талап кылышты. Бул комментарийлердин бирине, канал мындай деп жооп берди: “Бул адам MTV-Россия телеканалында 2006-жылдан бери иштебейт, биз анын аракеттерин жана билдирүүлөрүн колдобойбуз”.

Окуядан кийин Артур Цветков өзүнүн ой-пикирин билдирген.

«Ким бир нерсени жактырбаса, анда Ата мекен силерди күтөт. Сиз каалаган нерсеңизди жазып жана айта аласыз, ар бир монета эки тараптуу болот! Мен өзүмдүн пикиримде калам», – деп жазган Цветков.

Анын айтымында, тез тамактануу жайдын ээси кечирим сураган. “Ашпозчу коноктор менен сүйлөшүүгө укугу жок болчу, ал жумуш ордунда болушу керек” – деп билдирет алып баруучу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: