Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламентибоюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлыгына оппозициялык фракциялардан көрсөтүлгөн талапкерлерди парламенттин кароосуна чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.
Ошентип, вице-спикерликке «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Мирлан Бакировдун, «Ата Мекен» фракциясынан Сайдулла Нышановдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Андан тышкары, «Республика – Ата-Журт» фракциясы да өз талапкерин алып чыгууга тийиш. Бул маселе парламенттин кезектеги жыйынына чейин чечиле турганы белгилүү болду.
Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын мурдагы орун басары Алтынай Өмүрбекова («Республика – Ата-Журт» фракциясы) өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын токтоторун жарыя кылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ