Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев Беларуссиядан кетүү ниетинде эмес. Бул тууралуу ал Nazarnews сайтына билдирди.
Бакиевдин айтымында, мурдагы президент Беларуссиядан чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт.
“Оор кырдаалда Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенко мага качкын макамын берди жана жашоого бардык шарттарды түздү. Кыйынчылык убакытта мен Лукашенкону таштап кете албайм, акыр аягына чейин жанында болом. Мен эч кимге чыккынчылык кылган эмесмин жана кылбайм. Азыр мен Минсктемин”, – деди Бакиев.
Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКлар Бакиев жана анын үй-бүлөсү Беларуссиядан чыгып, Лондонго жөнөп кеткенин жазышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ