Menu

Өкмөт: “Кыргызстанда коронавирус катталды” деген интернеттеги маалымат чындыкка дал келбейт”

Бөлүшүү:

«Кыргызстанда коронавирус катталды» деп социалдык тармактарга тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өкмөттүн басма сөз кызматы расмий билдирүү таратты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, “Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алган учур катталбаганын дагы бир жолу эске салат. Штаб вирустун жаӊы түрүнө байланышкан кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп жатат. Мессенжер, вотсап аркылуу «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирусту жугузуп алган бейтап жаткырылды» деген маалымат жалган, аны толугу менен четке кагабыз. Такталбаган жалган маалыматтарды таратпоону өтүнөбүз»,-дейт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, элди ызы-чууга түшүргөн коронавирус илдети Кытайда чыгып, ал тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыгып, өлгөн адамдардын саны 80ге жеткен. АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда коронавирус жугузган адамдар аныкталганы маалым болгон.

Ал эми бизде, Кыргызстанда катталбаганын Саламаттык сактоо министрлиги байма-бай айтып келет. Бүгүн, 27-январда аталган министрлик коронавирус боюнча ыкчам байланыш кызматы ачылганын билдирген. Ошондой эле, бүгүн КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да бул илдет Кыргызстанда катталбаганын расмий билдирсе, биздин ТИМ “Коронавирус”  тараган Ухань шаарында 50 кыргызстандык бар экендигин жана алардын саламаттыгы жакшы экендигин билдирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: