Menu

Айчүрөк Камаева, Апрелчи: “Отунбаева, Текебаев, Бекназаровдор 2010-жылы 7-апрелде “Ата-Бейитте” берген анттарын аткарышкан жок, Атамбаев гана аткарды”

Бөлүшүү:

-Айчүрөк айым, коомдук бирикмеңиздер качан түзүлдү эле?

-“Эр теги” коомдук бирикме 2014 жылы 3 октябрьда түзүлгөн. Баарыбызга белгилүү болгондой, 2010 жылы 7- апрелинде карапайым эл бийликке каршы чыгып, алардын арасынан 87 эр азамат атылган октон өмүрүн аябастан курман болуп, өлкөбүзгө бүгүнкү күндө элдик бийлик орнотуп, жаркын келечек үчүн бул дүйнө менен кош айтышкан. Албетте курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн бул жоготуу унутулгус оор азап болду. Курман болгондордун артында жашын төгүп жалгыз уулунан ажыраган энелери, атасыз балдары жана жесир болуп жубайлары калды. Бул каргашалуу окуядан кийин 2010-жылы курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн башы бириктирилип, «Мекен шейиттери» коомдук бирикмеси түзүлгөн. Ал мезгилде чындыгында курман болгондордун үй-бүлөлөрү өтө начар абалда эле, себеби биз үчүн жакындарыбыздын канкор, мыкаачы бийликтин огунан каза болушу күтүлбөгөн жана өмүр бою орду толгус жоготуу болду. Себеби ар бир үй-бүлөнүн баалуулуктары, өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Атанын орду, касиети, баланын өзгөчөлүгү дегендей, мындай нерсени сөз менен айтып жеткирүү өтө оор. Себеби биз атабыздын кулк-мүнөзүн, адамгерчилик сапаттарын, бизди ушундай даражага карапайым болсо дагы окутуп жеткирген эмгектеринин үзүрүн көрбөй каза болгонун азыркы күнгө чейин эстеп, көзгө жаш алып эскеребиз. Курман болгондордун көбү карапайым болгону менен алар сабаттуу, жүрөктөрү таза чынчыл, өз мамлекетин сүйгөн жана өзгөчөлөнгөн жөнөкөйлүк касиеттери бар адамдар болушкан. Убакыт өткөнү менен биздин кайгы-муң басылбай келет. Жоготуунун азабынан арабыздагы жесирлердин, курман болгондордун балдарынын жана ата-энелеринин арасынан да каза болгондору бар. Тилекке каршы, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнөн түзүлгөн «Мекен шейиттери» коомдук бирикмеси ынтымагыбызды сактай алган жокпуз. Себеби баарыбыз жогоруда белгилегендей жоготуу азабынан өтө сезимтал болуп калдык. Андан тышкары коомдун мүчөлөрү тарабынан коомдун ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар туулуп, пикир келишпестиктерден улам акырында коомдун активдүү мүчөлөрүнүн демилгеси менен өз алдынча таза жана келечеги кең коомдук бирикме болуп бөлүнүп чыгууга туура келди.

-Коомдук кыймылдын көздөгөн максаты кандай?

-«Эр-Теги» коомдук бирикмесинин бирден-бир максаттарынын бири курман болгондордун эрдигин жана апрель элдик революциясын даңазалоо. О.э. биздин жакындарыбыз жанын бергенге чейинки үй-бүлөлүк кландык башкаруу бийлигинин кыңыр иштерин революциядан кийинки бийлик кайталабашын, бийлик эл үчүн кызмат кылышын курман болгондордун келечек үчүн деп өмүрү менен кош айтышкан эрдиктери текке кетпешине жана мамлекетибиз өнүккөн заманбап мамлекеттердин катарына кошулушуна салым кошуу. Биз бул убакытка чейин мамлекеттин казынасына кол салган мародёр айрым саясатчылардын кыймыл-аракеттери тууралуу өз ой-пикирибизди сунуштарыбызды мамлекеттик деңгээлде көтөрүп келгенбиз. Себеби мындай маселелерди көтөрүүгө биздин моралдык укугубуз бар деп ойлойм.

О.э. экс-президентибиз А.Ш. Атамбаевдин коррупцияга каршы жүргүзгөн иштерин колдоп коомчулукка билдирип келгенбиз. Ушул жерден өзгөчө белгилеп кетүү керек, 2010-жылы 10-апрелде «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине курман болгондорду жайга узатып жатканда ошол жерде Апрель элдик революциясынын башында турган саясатчылардын арасынан бир гана Алмазбек Шаршенович курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө берген антын, убадасын аткарды. Калганы берген анттарын аткармак турсун, ушунча жылдан бери басып келип алакан жайып курман болгондорду эскерип куран да окутушкан жок. Ошол эле Отунбаева, Текебаев, Бекназаровдор. Бир гана Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө аяр мамиле жасап, азыркы убакытка чейин колунан келишинче социалдык жактан колдоо көрсөтүп келет. Себеби жесир калган келиндер үчүн жалгыз өзү балдарына кам көрүү кыйынга турууда. Алмазбек Шаршенович дайыма курман болгондорду эскерип, атайын убакыт таап курман болгондор көмүлгөн Ата-Бейит көрүстөнүнө барып да куран окуп кетип турат, муну ошол жакта жашаган элдин баары билет. Эмне себептен биз Алмазбек Шаршеновичке ыраазыбыз, себеби ал киши курман болгондордун эрдигин даңазалоо ирээтинде алардын арбагы ыраазы боло тургандай көптөгөн көрүнүктүү иштерди кылды. Ошону менен бирге эле, курман болгондорго мусулман бир туугандарыбыз келип куран окуп дуба кылса сообу тийсин деп, аларга арнап «Шейиттер Мечити» деген заңгыраган мечит тургузууда. Андан тышкары Алмазбек Шаршенович президент болуп турган кезде мамлекеттин туура өсүп-өнүгүшүнө багыт бере турган көптөгөн биздин койгон талаптардын мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлгө алып, аягына чыгарды. Бул боюнча бир эле нерсе мисал кылайын, Алмазбек Шаршенович бийликке келгени бир да жакын, алыс туугандарын бийликке аралаштырган жок. Ал киши биз менен жолугушууда дайыма айтчу: «Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок» деген кыргыз элимдин макалын, «Ошон үчүн мен эч качан аралаштырбайм туугандарымды» – деп. Ал эми экс-президенттин ишмердүүлүгү боюнча кыскача эле айтайын, кыргыз элим эгемендүү көз карандысыз мамлекет болгондон бери 27 жылдын жүзү болду, мына ушул жылдары элибиз оор окуяларды сыноолорду башыбыздан өткөрдүк. Бирок кудайга шүгүр, башка мамлекеттерге окшоп граждандьж согуш ж.б. башаламандык болбой, стабилдүүлүктү сактай алдык. Алмазбек Шаршеновичке чейин бир эмес, эки президент элдин камын ойлобой мамлекетти каалашынча калчап, үй-бүлөлүк кландык жана криминалдык башкарууга өтүшкөн. Ошол эки президент тоногон Кыргызстанды А.Ш.Атамбаев калыбына келтирди. Мамлекет үчүн кылган иштерин санабай эле коёюн. Акты ак, караны кара деп билиш керек адам болгондон кийин. Мына ушундай өзүнүн саясий эрктүүлүгү менен, чечкиндүү мүнөзү менен биздин ыраазычылыкка татыктуу болду. Азыркы президентибиз С.Ш.Жээнбеков дагы биздин ишеничибизди актап А.Ш.Атамбаевдин ишин улап, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барат жана курман болгондордун эрдигин унутта калтырбайт деп ойлойм.

-Мамлекет тарабынан учурда сиздерге кандай колдоолор болууда?

– Мамлекет тарабынан бул убакытка чейин эле колдоо болуп келген. Кыргыз Республикасынын «2010-жылдын апрель, июнь айларында болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жардамдар көрсөтүлүп келет. Бирок бул мыйзамдын кээ бир беренелери аткарылбай келет. Кудай буюрса, алдыда көптөгөн пландарыбыз бар, алардын бири ушул мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө демилге көтөрүү. Учурда мамлекет чынын айтсам курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл бурмак турсун, өздөрүнүн саясий абалын тууралай албай жатат окшойт. Себеби арадан бир канча убакыт өттү. 2013-жылы түзүлгөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүн жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы бекитиле элек. Комиссиянын төрагасы президентгин аппаратындагы жогорку кызматтагы адам болуш керек экен. Ушундай себептерден улам комиссиянын иши токтоп турат. Комиссияда каралчу маселелер уламдан-улам көбөйгөндүктөн, коомдун айрым мүчөлөрүнүн кыжыры келип, нааразы болушууда. Бирок сабырдуулук керек, кудай буюрса бул маселе чечилет деген үмүттөбүз.

-Сиздердин коомдук кыймылдын буга чейинки түзүлгөн “Мекен-Шейиттери” “Апрель байрагы” “Айкөл Ала-Too” коомдук кыймылдарынан айырмасы кандай?

-Буга чейин түзүлгөн “Айкөл Ала-Too”, “Апрель байрагы” коомдук бирикмелеринен айырмабыз биринчиден биз курман болгондордун үй-бүлөлөрүнөн түзүлгөн коомдук бирикмебиз. Ал эми сурооңузда көрсөтүлгөн коомдук бирикмелердин бардыгынын эле негизги максаттарынын бири апрель элдик революциясын даңазалоо, революцияга чейинки бийликтин кыңыр иштерин кайталоого жол бербөө. Бул коомдук бирикмелерде мамлекет үчүн жанын бергенге даяр эр-азамат агаларыбыз көп деп белгилеп кетким келет.

Алдыда буюрса биздин коомдук бирикменин койгон ой-максаттары өтө көп. Келечекте бир гана өзүбүздүн катардагы адамдарга жардам бербестен, 7 дубан боюнча социалдык жактан колдоого муктаж адамдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да жардам кылганга аракет кылабыз. О.э. карапайым элдин мүдөөсүн бийликке жеткирип, элдин турмуш шартын мындан да жакшы денгээлге жеткирүү максатында, алыскы региондогу эл менен тыгыз байланышып, кандайдыр бир денгээлде өзүбүздүн жардамыбызды тийгизсек деп ойлойбуз. Биз келечекте курман болгондордун балдары, неберелери сыймыктанып айта турган коом болушубуз керек. Ошондуктан мен дайыма элдин алдында жоопкерчиликтүү жана татыктуу эмгек кылууну өзүмдөн талап кылам. Кудай буюрса, биздин коомдук бирикме көрүнүктүү уюмдардын катарына

– Апрелчилерден түзүлгөн коомдук уюмдардын айрымдары бийликтин камчысын чапкан сатылма уюм болду дегендер да арбын, сиздер андай жолго түшпөйсүздөрбү?

– Мен негизи эле апрелчилер деген сөздү көп жактыра бербейм. Себеби ошол апрель окуясында апрелчилердин эрдиги менен бүгүнкү күндө демократиялык мамлекет болдук. Ал жерде 10 миңден ашык кыргыз элибиз чыккан. Ал эми бийликтин камчысын чапкан сатылма уюмдар деп апрелге тиешелүү коомдук бирикмелерге далили жок күнөө коюу туура эмес. Себеби ар бир коомдук бирикме бийликтин ишин кандай баалайт, аларда өздөрүнүн моралдык укугу бар, себеби бардыгы апрель окуясына тиешеси бар. Бирок ошону менен бирге эле сөзсүз жоопкерчиликти сезиш керек, биринчи өздөрүнүн позициясы бекем, таза болуш керек. Албетте ар кимдин көз карашы, түшүнүгү ар кандай болот. Ал адам өзү кандай болсо, башкаларды да ошондой ойлошу мүмкүн.

– Сиздердин позицияңар кандай? Бийликти колдообу, артыңыздарда кандайдыр бир саясий күч турабы?

-Биз башынан эле бийликтин туура эмес ишине сын айтып, туура ишин колдоо иретинде өз позициябызды билдирип келгенбиз. Анткени биздин жабырлануучу катары моралдык укугубуз бар. Ал эми артыбызда эч кандай саясий күч турбайт, биз мындай көрүнүштөн алыспыз. «Эр-Теги» коомдук бирикмеси кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы менен түзүлгөн бирикме эмес. Биздин коомдук бирикме башында “Мекен шейиттери” коомунан бөлүнгөндө 53 киши, кийин улам бизге калган мүчөлөрү кошулуп отуруп учурда 70ке жакындады. Булардын баары 87 курман болгон жарандардын мыйзамдуу өкүлдөрү, тактап айтканда жесирлери, балдары жана ата-энелери. Ал эми ар бир үй-бүлөдө кеминде 5тен киши бар. Биз келечекте мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө салым кошо турган адилеттүү таза уюмдардын катарын толуктайбыз деген максаттарыбыз бар.

Жангороз Эсенгелдиев

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: