Menu

Кайыргүл Жуманова, актриса: “Айтматовдун чыгармаларында роль жаратуу мен үчүн тарых!”

Бөлүшүү:

Бүгүнкү каарманыбыз бардык жанрда ар кандай аялдын образын жеткиликтүү ойноп өзүн сынап көргөн экен. Туз насиби театрда буюрганын жашырбай келет. Искусствону өзүңдүн жан дүйнөң менен сүйгөндө гана кесипкөйлүгүң артат. Театрда жана кино тармагында бул актрисанын талантына эли күбө. Кайыргүл Жуманова Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын актрисасы болуп эмгектенип келет.

“Артка кылчайсам, чыгармачылыкка кокусунан келбегенимди бир билем”

—Актёрлук кесип мен үчүн биринчи орунда турат. Анан калса чыныгы чыгармачыл адамдардын баарын чыгармачылыктын кулу деп эсептейм. Театрда кызмат өтөп келе жатканыма мына быйыл 23 жылдын жүзү болду. Театрдын тузу өтө оор деп коюшат. Театрдагы жашоого сүңгүп кирген соң кайра алысташ түк оюңда жок болот. Ушул жашымда артка кылчайсам, чыгармачылыкка кокусунан келбегенимди бир билем.

“Чыныгы актриса роль тандабайт”

—Ар бир таланттын искусстводо жазылбаган өз мыйзамы болот экен. Тубаса талант Алладан гана берилет. Ал эми талантты искусстводо алып чыгууда чоң эмгек, кажыбас кайрат керек. Чыныгы чыгармачыл адам эч качан роль тандабайт. Кандай роль болбосун, өзүн сынап көрүүгө далалаттанат.

“Ар бир ийгилигимди жылуу сезимдер менен эскерем”

—Ар бир ийгилигимди жылуу сезимдер менен эскерем. Мени ошол ийгиликке жеткирген, окуткан устаттарым: КРнын эл артисттери Дүйшөн Байдөбөтов, Гүлайым Каниметова, Жамиля Сыдыкбаева, Замир Сооронбаевдерге терең ыраазычылыгымды билдирем.  Устаттардан алган билимим, иш-тажрыйбам аркылуу ийгиликтерди багындырып, элимдин эрке кызы болуп келемин.

“Адамгерчилик адамдын тулку-боюнда”

—Чыныгы талант жаратылыштан бериле турган нерсе, ал эми адамгерчилик адамдын тулку-боюнда анын жан дүйнөсүнөн көз каранды болот. Жан дүйнөң бош болуп турса, жашоонун деле кызыкчылыгы жоктой максатсыз, кунарсыз жашоо уланат деп салыштырам. Мен ошол боштукка кабылып калсам, ичимдеги бугумду чыгарыш үчүн поэзия саптарын укканга шашамын же кызыктуу романдарды окуймун. Ошентсе да чыгармачыл адамда тыныгуу болбой, тынымы жок болгону дурус.

“ Чарчаганда…”

—Чарчоону алдаганга такыр болбойт го. Адамдын табиятына каршы иш жасоо бул кыянатчылык деп эсептейм. Ошондуктан эгер мениң денем чарчап, алсырап турган болсо, анан Жараткандын дарысы уйкуну бергенге шашам.

“Телевидениеде үн кошточумун”

—ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын котормо студиясында үн коштоочу кызматын дагы аркалап келемин. Азыр тойдун заманы дейбизби, айтор, артисттер дагы өз талантына жараша тойдо кызмат кылып жүрүшөт. Биз дагы алардын катарынан калбай, элибиздин жакшылыктарында кызмат кылып жүрөбүз.

“Айтматовдун “Кош бол, Гүлсары чыгармасында бир убакта эки образ: Бүбүжан менен байталдын образын жараткам”

—Чыңгыз Айтматов улуттун жүзү, дүйнөлүк залкар жазуучулардын бири. Айтматовдун чыгармаларын роль жаратуу мен үчүн ч сыймык. Мен алгач жумушка киргенимде эле Айтматовдун “Кош бол, Гүлсары”чыгармасында бир убакта эки образ Бүбүжан мен байталдын образын жараткам. Андан соң “Көктөмүң көксөгөн сары өзөк” спектаклинде Чыңгыз Айтматовдун бүт чыгармлары камтылган. Анда Чыңгыз менен Бүбүсаранын сүйүүсүн чагылдырганбыз.  “Делбиримде” Кадичанын образын аткаргам. Айтмтовдун чыгармаларын ойноп калуу мен үчүн тарых!  Кудай буюрса, дагы чыгармаларына кайрылганы турабыз. Айтматов мен үчүн кыргыздын жүрөгүндөгү тарыхта калчу улуу инсан.

“Жолдошум түшүнүү менен карап, дайыма өйдөдө өбөк”

—Албетте! Аялзаты үчүн актрисалык кесип оор. Бирок ошол оордугун сездирбеген жаныңда өмүрлүк жолдошуң колдоп турса мындан өтөр бакыт барбы?! Жолдошум… башка кесиптин ээси болсо дагы, менин кесибимди түшүнүү менен карап, дайым өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келет. Бир уулубуз бар. Кудайыма миң мертебе шүгүр келтиремин. Жашоодо дагы, сахнада дагы өзүңдү кадыр-баркың менен алып жүрсөң мына ошол нерседен өтөрү жок.

Маектешкен:Төлөбүбү Касымалиева

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: