Menu

КСДП кош курултайды көтөрө алабы?

Бөлүшүү:

Апрелдин аптабы аябай “ысык” боло тургандай болуп турат. Айталы, апрелдин үчүндө Сагынбек Абдрахманов баштаган “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын съезди боло турган болсо, 6-апрелде экс ажо Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын 18-съездин өткөргөнү турат. Ал эми 7-апрель күнү Апрель окуяларын 9 жылдыгын керүү, ага улай «Ата Мекен» партиясы тарабынан 23-апрелде пландалган мөөнөтсүз митинги болот. Кыскасы, Кыргызстан үчүн апрель айы кайрадан саясий олку-солкуларга бай болгону туру.

Карт тарыхы бар КСДПнын тагдыры чатак абалда. Кыйла жылдан бери бөлүнүп жарылуу болбогон, интригадан алыс КСДП партиясын кризиске кабылат деп ким ойлоптур. Партиянын ичинен таарынгандар 3-апрелде съезд көргөнү жатат. Алар кимдер, ар буга чейин КСДПнын короосунда жүрүп, майлуу устукандардан кур калбаган, Чүй облусунун губернатору, кийин “Кыргызалтын” ААКында иштеп кеткен калк арасында кадыры “кайтыш” болгон Сагынбек Абдрахманов баштаган топ. Алардын айтымында съезддин максаты партиянын Уставын жаңылоо жана лидерди шайлоо. Ал эми экинчи тараптын пикири боюнча сьезддин максаты партияны бөлүп жаруу, талкалоо. Мына ушундай партияны ичиндеги интригага ким күнөөлүү? Балык башынан деген сөздү эске алсак, анда бөлүнүп жарылууга, түшүнбөстүктөрдүн келип чыгуусуна партия лидеринин салымы канчалык? Дагы бир белгилей кетчү жагдай, азыркы лидердин Аксы окуясын эскерүү иш чарасында сүйлөгөн сөздөрү бир эле партиялаштарын эки анжы ойго салды. Кеткен президенттер келген президентти
каралаган бизде өнөкөткө айланды. Башка партиядан босо да бир жөн, өзү жетектеген КСДПдан. Өзү президенттикке талапкер катары көргөзүп, өзү үгүттөп алып чыккан адамын ашатканы ачык айтканда көпчүлүккө жаккан жок. Мындай кадамы менен кадырын да кетирип алды, сыягы. Лидердин бул кылганы оппоненттерине майдай жакты. Ал эми узак тарыхы бар КСДП кош съездди көтөрө алабы? Мындан аркы тагдыры кандай болот? Атамбаев менен Абдрахмановдун партия талашуусу эмнеге алып келет? Жөнөкөй партия мүчөлөрү кимди ээрчийт? Атамбаевдиби же Абдрахмановдубу? Партия бул сыноодон кантип өтөт? Айтор суроо көп, жооп жок. Негизи практикада партиядагы олку-солкулар, бөлүнүп жарылуулар анын лидеринен көз каранды. Мүмкүн эрегишкендер, көрө албагандар жасашы мүмкүн. Лидер кандай кадам таштаса партиянын келечеги ошондой болот. Ошондуктан, партиянын жакшылыгы менен жамандыгын да партия лидери көтөрүш керек. Партиянын тагдыры лидердин жасаган кадамдарына байланыштуу. КСДП партиясы буга чейин кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Бул да өтөт. Баарын убакыт таразалайт. Айрымдар партиядагы олку-солку иштерге азыркы президенттин тиешеси бар дешүүдө. Сооронбай Жээнбеков президенттик такка олтурары менен партиядагы мүчөлүгүн токтоткон. Азыр партияга тиешеси жок адам.

Партиянын ишмердүүлүгүнө кайрыла турган болсок, буга чейинки шайлоолордо КСДП кимдин колдоосу, кимдин жардамы менен түштүктөн шайлоочулардын колдоосуна ээ болгон? Албетте, түштүктө электораты, кадыр баркы бар азыркы Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамы менен. Политологдор айтмакчы, “кайсыл, кандай гана күчтүү партия болбосун, түштүк регионунун колдоосуна ээ болбосо, жеңишке жетпейт” дегендей, ат көтөргүс айрым иштерди да баалай жүргөнүбүз оң. Ошондуктан, КСДПнын буга чейинки жетишкендиктерине түштүк элинин колдоосуна ээ болгон азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун салмагы дагы сай ташындай оор болгонун айтып коюшубуз керек. Түштүк аймагы боюнча КСДП бардык шайлоолорунда, мисалы 2010-2011-жылдары, андан соң 2015-жылкы шайлоолордо эң көп добуш алып, жеңишти камсыздай алышкан.

Айтайын дегенибиз адилеттик эле. Кыргызстан парламенттик-президенттик башкаруу багытына бел байлап, жаңыдан саясий дымагыбызды, экономикалык жаңы баскычтарга баш уруп баштаган кезде, өлкөнүн миң деген жарандарынын үмүтү болгон КСДПнын кыйчалыш тагдыры көпчүлүктү ойлондурууда.

Тимур Термечиков

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: