Menu

Кылмыш иши козголсо да Талант Үмөталиевдин кылы неге кыйшайбайт?

Бөлүшүү:

ИИМдин алдындагы тергөө кызматынын башчылыгын Талант Үмөталиев аттуу ойрон жетектегенден бери артынан көп сөздөр ээрчип жүргөнүн кайда катабыз? Өткөн жылдан тарта өлкө аймагы боюнча ИИМдин баардык тергөө топторуна жетекчилик кылып, бул жааттагы буйруктарды да өзү кылып жүргөнү боюнча маалыматтар бар. Дал ушул кызматы аркылуу бир региондон башка региондорго которулууну каалаган тергөөчү МЕНТтерден бул эргул үлкөн «жашылбайларды» алуу менен иш кылып келгенин танабы? Башкасын коё туруп, Такенин Ош облусундагы Ноокат районунун тергөөчүсүн кызматтык которуштуруу каалоосун аткаруу үчүн адеп почта аркылуу 100 миң ала коюп, акыры ишинин өтөсүнө чыкпай калган соң былыгы билингени жалганбы? Анын мындай «эрдиги» башкы прокуратурага да билинип, №150-18-99 номери менен иш козголгонун ачыктай алабы? Кызыгы, иш козголгонуна эки айдан ашуун убакыт болсо да, бул МЕНТ эчтеме болбогондой ордунда иштеп жатканы кайсы логикага сыят? Эгерде бу шектүү МЕНТтин духу жетсе, миллиондорду чапчыган үйү боюнча жооп узатып койбойбу? Башкы прокуратура тарабынан кыңыр иши билинсе да кызматынан «кыңк этип» койбогон ойрондун чынында колдогон кожосу күчтүүбү? Болбосо, министр мындай саны бар, сапаты жок кызматкерин эчак тармактан кууп жиберет эле да…

Ийгилик Болсунбаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: