Menu

Иш билбеген шөмтүрөк начальник Бишкек шаарын артка тартууда

Бөлүшүү:

Бишкек ШИИБ начальниги Сталбек Рахманов ээлеп отурган кызматына татыксыз экени баарына маалым. Эгерде министрлик өздүк курамдын ичинде жашыруун сурамжылоо жургүзүүнү уюштурса, 95 пайыздан ашык кызматкерлер Рахмановго каршылыгын билдиришмек. Себеби, ал тажрыйбасыз, айдатма, өз алдынча көз карашы жок, эптеп эле күн өткөнүнө кайыл болуп, мажирөөлүгү менен шымын жышып, кабинетте отурат. Сыртта болсо, коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү солгундап кетти. Бул жагынан шаардыктар өтө нааразы. Натыйжада, өздүк курамдын ичинде кадырсыз мындай МЕНТти неге кармап отурушат? Кызыгы, Сталбек мурдагы режимдин тушунда Сапар Исаковдун кадры болуп, тар чөйрөдө «кочкорлукпуз» деген ураанды карманып келсе, азыр 180 градуска бурулуп, тескери ушатып калганын кантип жашырабыз? Ток этери, Бишкектин башкы милициясы иш жүзүндө мукурап, көпчүлүккө үлгү көрсөтө албай атканы өкүнүчтуү. Тилекке каршы, бул шөмтүрөктөн ийгиликти кемчонтойлор гана күтпөсө, башкалар эчак эле түңүлүшүптүр да-а…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: