Түркиянын Стамбул аэропортунда Кыргызстандын жараны Нургиза Кулмамбетова дайынсыз жоголду. Бул тууралу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Нургиза Кулмамбетованын Бишкектеги туугандары 13-июнда анын жоголгонун билдирип, ТИМге аны издөө боюнча жардам сурап кайрылышкан.
Көргөндөрдүн айтымында, Нургиза Кулмамбетова Торонто шаарынан (Канада) Бишкекке Стамбул аркылуу кайтып келаткан. Ал “Кумтөр” алтын кенинде иштегендиги айтылууда. Торонтодон Стамбул аэропортуна учуп келип, Бишкекке уччу каттамды 4 саат күтүп, учакка олтургузуу башталганда кезекке келип турган да, андан кийин кезектен чыгып аэропорттон сыртка кетип калган. Ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол эле учурда анын банктык акча карточкасынан Анкарадан акча алынганы айтылууда. Демек карточкасы уурдалган деп болжошууда. Акыркы маалыматтар боюнча Стамбул аэропортунан анын колундагы сумкасы табылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ