Menu

Айзада Жамгырчиева: Модель кыздардан кем эмесмин, ашып түшөм

Бөлүшүү:

-Чыгармачыл жолуңду Тамашоуда “затравшица” болуп баштагансың, кээде ошол кезди сагынасыңбы?

– Албетте, сагынам. “Затравшицалыкты” эки жылдай аркалап жүрүпмүн. Өзгөчө «кызмат», сен сахнага чыгып: «Саламатсыздарбы! Кийинки тамаша: эрди-катын урушат. Жок ай, урушпайт окуясы» деп, кайра сахнага кирип кетесиң. Эгер ошондой мүмкүнчүлүктөр жаралып калса, кайтадан затравшица болууга даярмын. Бул «кызматты» эстеген сайын жүрөгүм «тыз» дей түшөт.

– Алтынчы күнү кечинде, эмнеге кечинде, түнгө эмес, таңда эмес?

– Бардык жакшы нерселер, күтүүсүз кызыктар кечинде башталат эмеспи. Анткени, алтынчы күнү кечинде баардык эл жумуштарынан бошоп, «эртең дем алыш» деп, ар кыл кыялдарга батат. Андай кыялдар түштө да, таңда да келбейт.

– Чүкөгө кыт куюп көргөнсүңбү же сөз менен эле кыт куюппу?

– Чүкөгө кыт куйганды билбейм, бирок өз көзүм менен көргөм. Кудум ошондой кылып жигиттердин мээсине «кыт куйганды» жакшы көрөм. Кандай рахат! Аны сүрөттөө мүмкүн эмес.

– Ушу тапта жүрөгүңдө жулкунуп, улам-улам тилиңдин учуна келип турган бал сөз?

– «Сени сагындым, качан келесиң?» деген сөз.

– Өткөндө «Күйдүм чокту» катыра ырдадың эле. Азыр кайсы ырды кыңылдап ырдап жүрөсүң?

– Өзүмдү диплому жок ырчы эсептейм. Чын эле жакшы ырдайм, үнүм бар, абдан кооз. Кээ бир ырчы сөрөйлөрдөн ашып кетем. Жони деген жаңы чыгып келаткан ырчы баланын «Күттүм ай» деген ырын бир жумадан бери машинеде кыңылдап ырдап жүрөм. Мээмдин баары бир нерсени күтүп атат. Эмнени, кимди айта албайм.

– Бензин кымбаттады…

– Ооба, бензин кымбаттап, Айзаданын капчыгы жукарып атат. Бензин менин бала чагым менен өтө тыгыз байланышта. Ата-энемдин чакан бизнеси бар болчу. Ар дайым колкабыш кылып, жардам берер элек. Бензин саткан күндөрүм болду. Бул тема менин жандүйнөмө жакын тема десем жаңылбайм. Бензин кьмбаттаган сайын вело-ипеддерге күнүбүз түшүп, эми алар да кымбаттайт.

– Шикарный машина көрсөң айдай качкың келеби, каякты көздөй?

– Көз жоосун алган кымбат машине көрсөм, «бул машине кимдики, акчаны кайдан алып атат?» деп таңгалып эле тим болом. Бир жолу айылда байкемдин жакшы машинесин айдай качып, аны токтото албай, кийинки айылга чейин кетип калгам. Артыман кууп жетип, аябай урушкан. Ошондон кийин айдай качпай, ала качпай калдым. Андан көрө мени ала качышсын (тамаша).

– Инстаграм сен үчүн?

-Инстаграм мен үчүн көрөрманга чек коюлбаган кичинекей аудитория. Жеке өзүмдүн чакан телевидением. А жерге мага керектүү маалыматты колдонуучуларга таратып, кайра контент чогулта алам. Азыркы учурда 300 миңге жакын подписчигим бар. Кээ бир роликтеримди 500 миңге жакын көрөрмандар көрүп коюшту.

– 23кө чыктың, турмушка чыгайын деген оюң барбы?

– Оюм бар. Кимге? «Кудай деген куру калбайт» деп коюшат. Буюрса болуп калаттыр.

– Модель кыздардан эмнең кем?

– Модель кыздардан боюм эле кем. Азыр да жакшы 160 сантиметр болуп калдым, бийик така кийсем 170ке жетем. Мурун «полтарашка» деп коюшчу. Азыр антпей калышты. Болбосо амбициям, максатым, бакыраң көзүм, чийме кашым, кымча белим, чырайым, төшүм – баардык сулуулук жагым алардан кем эмес, ашса ашып түшөт. Тилим да сайрайт. Любой жаңылмачты «тытам». Алардын кээ бирөө «Жип» минип жүрсө, мен «Фит» минип жүрөм.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: