Menu

Ички иштер министринин жаңы орун басары болуп Мирлан Каниметов дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  апарат жетекчисинин орун басары, Өкмөттүн апаратынын коргоо, мыйзамдуулук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Араев премьер-министрдин буйуртмасынын негизинде ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамына министрдин жаңы орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметовду  тааныштырды.  Ал эми министрдин орун басары Данияр Абдыкаров берген рапортко ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул турасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев: “Министрдин жаңы орун басары Мирлан Каниметов ыкчам кызматтардын ишин жогорку деңгээлде билген  тажрыйбалуу кызматкерлерин бири. ИИМдин бөлүмдөрүнүн кадрдык өзгөрүүлөрү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын өнүгүүсүнө байланыштуу. Ошондой эле дайындалган жетекчининин кызматтык тажрыйбасы ыкчам бөлүмдөрдүн өздүк курамга коюлган тапшырмаларды, эң башкысы мыйзамдуулукту жана тартипти,  жарандардын мыйзамдык жана укуктук кызыкчылыгын камсыздоону аткарууга жардам берет”-деп белгиледи өз сөзүндө.
Милициянын полковниги Каниметов Мирлан Дотанович 1970-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Мойнок айылында туулган. Кыргыз Республикасынын ИИМинин Академиясынын юриспруденция адистигин аяктап, ички иштер органдарында 1991-жылдан баштап иштеп  баштаган.  Алгач кызматын  Кыргыз Республикасынын ИИМдин кайтаруу башкармалыгынын милиционери болуп иштеген. Кызмат  учурунда  опер кызматкери, ага опер жана маанилүү иштер боюнча ага опер кызматкери  болуп эмгектенген. Ар кандай жетекчилик кызматтарда: ИИМдин  уюшкан кылмыштуулук менен каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы,   ИИМдин УККББнын башкармалыгынын башчысы,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин мамлекеттик күзөт уюштуруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөгөн учурунда  “Эрдик” медалы жана башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: