Menu

Алманбеттин аты кишенеп, соттордун башы иштеп баштады

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соттук коллегиясы «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алманбет Шыкмаматовдун кылмыш ишин актай турган жагына ыктаган чечим чыгарганы туннелдин түпкүрүнөн жарыктын шооласын бүлбүлдөткөндөй кылды. Ушунун өзү Жээнбеков доорунда соттор калыс иштөөгө бет алды деген зор бурулуштун кичинекей учкуну сыяктуу сезилет. Эми ушундай калыстык ар кандай саясий шылтоолор менен тизеге чабылып түрмөгө кесилген саясий жана коомдук ишмерлердин кылмыш иштерине карата да колдонулабы – кеп ушунда. Ошол иштерди жаңы жагдайларга байланыштуу кароого туура келип калса, аны териштирген соттор Ак үй, Көк үй тарапты карап кылчактабай эле, көз карандысыз актаган чечим чыгарышса бир ок менен эки коён атышат беле? Биринчиден, тарых алдында, эл алдында азамат атка конушмак. Экинчиден, сот системасы ушул бойдон эле мурдагы көчтүн жолун улап, жарга такалмак беле. Көч баштап бараткан кербен башы атан төөнүн башын башка жакка буруп баштады – соттор да ошол көчтү ээрчийт чыгаар. Судьялар ошол жагын да ойлоп, ушундай чечим чыгарып баштагандыр. Ал эми Ак үй тараптан телефон шыңгырап ушундай чечим кабыл алынса, анда кыргыз шорго туулган эл экен. Кийинкилери кандай болоорун күтө туралы.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: