Ташкенде биринчи президент Ислам Каримовдун «коопсуздугун коргоо» үчүн анын кортежи өтчү проспект менен кесилишкен көчөлөрдүн бөлүктөрү толук жабылган эле. Каримов о дүйнө узагандан көп өтпөй, эми ал жолдордун баары ачыла баштады. Президенттик резиденциянын айланасындагы бул көчөлөрдүн жабылышы эл менен айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып келген. Мындай өзгөрүү эми шаардыктардын жумушуна каттаган жолун бир канча чакырымга кыскартат.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ