Menu

Атамбаевдин “идео-лохторунун” фантазиясы түгөндүбү?

Бөлүшүү:

«К-Ньюс» деген сайт бар. Экс президенттин жакындары ээлик кылат. Аз убакыт мурун бир макала чыгарышыптыр. Окусаң күлкүң келет. Макала дегенге ооз барбайт, макала сыяктуу бир нерсе экен. Ушунчалык эмгек кылышып жасап чыккан экен байкуштар, инфографика менен.

Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга барган сапарында канча насыя тартып келгенин жана Сооронбай Жээнбековдун Кытайдан канча грант алып келгенин салыштыргысы келиптир. Биринчиден, президент Сооронбай Жээнбеков ажо болгону Кытайга биринчи ирет барды, экинчиден, насыя эмес кайтарымсыз каражат алып келди. Башкача айтканда Жээнбеков биринчи барганда эле кайтарымсыз 100 миллион долларды айылдарга таза суу өткөрүү долбооруна, 600 миллион юанды (кайтарымсыз) техникалык-экономикалык керектөөлөргө бөлдүртүп келди. Ал эми Атамбаев болсо Кыргызстанды белчесинен батырып, жол оңдоого кредит, ТЭЦ оңдоого кредит сурап келген. Анысы да коррупциялык ызы-чуу менен коштолуп, жан-жөкөрлөрү четинен камалууда. Мындай дал келбеген, туура эмес салыштыруулар менен атамбаевчилер кайра эле элдин кыжырын келтирип жатат. Анткени Кытайдан эсепсиз алынган насыя менен Кыргызстанды белчесинен карызга батырышты. Мындай жеңил пиар менен Жээнбековду айтымыш болуп, Атамбаевди ийгиликсиз пиар кылып, өздөрүнүн «бет пардасын» сыйрып алышты десек жаңылышпайбыз. Экс-ажонун «пиарщиктеринин» фантазиясы түгөнгөнүбү, айтор, жөнү жок эле асылганды адатка айлантып алышты. Аргасыздан, Атамбаев «идео-лохторун» алмаштырбаса болбой калыптыр деген ойго келет экенсиң…

Булак: De Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: