Москвадагы жугуштуу оорулар ооруканасында 79 жаштагы улгайган аял таажывирустан улам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн тажывируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штабы бүгүн, 19-мартта билдирген.
“79 жаштагы бейтап 13-мартта ооруканага жаткырылган. 14-марттан баштап жеке клиникада дарыланган. Эки жума өткөндөн кийин аны №2 жугуштуу оорулар ооруканасына которушкан. Анализдин жыйынтыгы боюнча, андан таажывирус аныкталган. Дем алуусу кыйындагандан улам интенсивдүү терапия алып турган. Ал жугуштуу оорулар ооруканасында изолярдо жайгашкан” – деп айтылат билдирүүдө.
Оорукананын башкы дарыгеринин айтымы боюнча, бейтапта өнөкөт оорулар: кант диабетинин 2-тиби, атеросклероз жана гипертония оорусу болгон.
Бейтап байланышта болгон адамдар аныкталып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Аларда таажывирустун белгилери жок.
Белгилей кетсек, 18-мартка карата Россияда таажывирусту жуктуруп алгандардын саны 33кө жеткен. Ал эми жалпысынан инфекцияга чалдыккандардын саны – 147.
Булак: “KyrgyzToday.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ