Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) буга чейин төрт жыл аралыгында Жалал-Абад шаарындагы төрөт үйүндөгү абалды жакшыртуу боюнча көмөгүн көрсөтүп келген. Эми мындан ары да Жалал-Абад шаарынын бийликтери менен балдарга ар тараптуу камкордук көрүү жагынан жаңы багыттарда иш алып барууну көздөйт. Бул тууралуу ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Юкиэ Мокуо баш болгон делегациянын өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин жолугушуусунун учурунда белгилүү болду.
Юкиэ Мокуо айым областтык төрөт үйүн жакшыртууга, балдардын реанимациясы боюнча заманбап жабдыктарды камсыз кылууда, энелердин туура тамактануусу боюнча көп жардамдар берилгенин айтты. Ошондой эле балдардын, айрыкча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин өнүгүшү боюнча алдыда көп иш барлыгын, бул багытта Жалал-Абад шаары менен иштеше тургандыктарын билдирди.
Ал эми шаар мэри Мураталы Тагаев келген конокторго ыраазылык билдирүү менен балдардын ар тараптуу укуктарын камсыз кылуу жагынан чогуу иштешүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле шаарда балдардын кризистик борбору ачуу аракеттери болуп жатканын айтып, бул багытта иштешүүгө чакырды. Эгерде жакшы сунуштар болсо, дайыма даяр экендиги баса белгиледи.
Тараптар биринчи кезекте балдарды камкордукка алуунун зарылдыктары тууралуу маалымат таркатуу жагынан иштеше турган болушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ