Menu

Медреселердеги балдар алгебра, физика, тарыхты да окушу керек

Бөлүшүү:

Учурда Кыргызстанда 102 медресе Дин иштери боюнча комиссиянын каттоосунан өткөн болсо, анын 78 гана иштеп жатат. Диний окуу жайларда светтик предметтер окутулбай келет. Диний аалымдардын айтымында, медреселерде ал сабактарды окута турган мугалимдерге айлык төлөй турган кажаттары жок. Бирок, эгерде чындап светтик предметтер киргизилсе анда аларды окутуу милдетин мамлекет мойнуна алабы же медреселердин мойнуна түшкөн милдет болобу? Бул суроолор азырынча жоопсуз турат.

Медреселер башталгыч, орто жана жогорку деп үч категорияга бөлүнөт. Башталгыч медреселерде эки жыл динден түшүнүк алышып, андан кийин идиректүү балдарды орто жана жогорку Медреселерге кабыл алышат. Ал эми орто медреседе балдар үч жыл билим алышса, жогоркуда төрт жыл окуп, аягында балдар исламдын маңызын терең өздөштүргөн аалым болуп чыгышат. Китептер бардык категориядагы медреселерге бир типтүү таратылат. Муну Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы аныктайт жана аларга өз-өзүнчө окуу программалар да түзүлөт.

2013-жылы Муфтияттын алдындагы Аалымдар кеңеши бардык медреселерге бирдиктүү окуу программаны иштеп чыгып, Муфтият тарабынан бекитилген. Демек, ар бир медресе ошол бирдиктүү окуу программа менен окутууга милдеттүү, аны Муфтият көзөмөлгө алышы керек.

Муфтияттын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замир каары Ракиев Булан институтуна берген маегинде ар бир үч айда медреселердин окуу программасын текшерип турушкандыгын баса белгилеген.

“Медреселерде Куран эле жаттата берет дегенге кошулбайм. Биз бекиткен программанын негизинде Куран окуу, хадис сабактары, акыйда, шарияттын мыйзамдарынын негиздери, курандын негизги окуусу, хадисти түшүнүүнүн негиздери, куран тууралуу илим милдеттүү окутулат. Үч айда бир кандай окутуп жатышканын текшерип турабыз. Туура эмес иштеп жатышкан болсо, аларга чара көрүп, каталарын оңдоону талап кылабыз»,- дейт Ракыев мурза.

Бирок, кой аксагы миң дегендей учурда ортосаар абалдагы медреселер да бар. Жалпы медреселердин 5% гана светтик сабактар да окутулууда. Айрым медреселердин шарттары тээ орто кылымды элестетет, балдар партага эмес жерге отуруп окушат. Чынында, медреселер менчик колдо болгондуктан каражат тартыштыгынан көбү балдарга жакшы шарттарды түзө албай калып атышат.

Мисалы, Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунун “Имам Сарахсий” медресесинде светтик сабактар окутулбайт. Бирок медресенин мүдүрү Бактыяржан Шарапов светтик сабактар окутулушун каалайт.

“Биздин медреседе светтик билим берилбейт. Эгер болсо өтө жакшы болмок. Себеби балдардын дүйнө таануусу канча кенен болсо, бир тармактуу эмес, көп тармактуу болуп, өздөрүнө ошончолук жакшы болот. Ар тараптуу билимдүү болсо, кимге зыян? Светтик билим киргизүүгө аракет кылдык. Бирок баягы эле каражат маселесине барып такалат экен. Бизде андай каражат жок. Себеби менин колумда болгону он бир мугалим бар. Алар бизде Аллах үчүн иштеп беришет жана айлык төлөнбөйт. Светтик билим бере тургандар келсе эле “канча айлык төлөп бересиң” дешет. 170 окуучуга 11 мугалим аздык кылат. Жок дегенде кыргыз тилине кошкон салымым болсун деп, келип бекер окутуп берем дегендер болсо, биздин эшик ачык”, – дейт медресенин мүдүрү.

Светтик предметтерди киргизген медресенин бири Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы атындагы медресе 2011-жылдан бери Исмаил Таранчиев атындагы орто мектеп менен келишим түзүп, балдарды сырттан окутуп, аттестат алып берип келет.

“Азыр биздин медресеге жети светтик предмет кирген. Алар Жалпы республикалык тестирлөөгө кире турган кыргыз тили жана адабияты, алгебра, орус жана англис тилдери, география, информатика, тарых сабактары. Ушул аталган сабактарды окутуп жатабыз. Биз менен келишим түзгөн мектептеги мугалимдерге саатына акча төлөп беребиз”,-дейт М.Осмонов.

Билим берүү жана илим министрлиги медреселердин ишине кийлигишпейт, окуу программасын көзөмөлдөбөйт. Себеби, медресе – бул мамлекеттик эмес диний билим берүү мекемеси. Жада калса медреселер мамлекеттик диплом бере алышпайт, себеби мамлекеттик стандарта ылайык мамлекеттен лицензия алган эмес. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдиргенине караганда, бир да медресенин же диний окуу жайдын учурда билим берүү үчүн лицензиясы жок. Эгерде медреселер баардык талаптарга жооп бере турган болсо лицензия берилип светтик предметтер киргизилмек. Демек медреселер мамлекеттик стандартка ылайык иш алып бара албай, бүтүрүүчүлөргө жөн гана күбөлүк беришүүдө.

Н. Турдубекова

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: