Menu

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге оңтойсуз суроолор….

Бөлүшүү:

– Эрлан Бекешович, сиз бир канча премьер-министрлер менен иштешип келе жаткан министрлердин бирисиз. Көпчүлүк министрлер Өкмөт алмашкан сайын ала салып кетишти. Сиз дээрлик 6 жылдан бери былк эткен жоксуз. Кут кылсын дейлик. Бул сиздин өз ишин мыкты билген ишмердигиңиздин үзүрүбү же бийликтин тилин тапкан чебердигиңиздин белгисиби? Негизи өзүңүзгө каңдай баа бересиз? Министрлер тебетейдей алмашкан биздин өлкөнүн системасында каккан казыктай бир орунда отурганыңыздын сыры эмнеде? Түркиядагы Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусов “гүленчилерге” байланыштуу Түркиянын айткандарын колдоп, Кыргызстан Түркиянын айткандарын эске алыш керек дегенди айтты эле. Президент, тышкы иштер министри ак же көк дебей турганда, элчинин агынан жарылышы эрежеге сыябы? Сыйбаса кандай чара көрдүңүз? ТЭЦ боюнча чырдан кулагыңыз чыкты. Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия сизди жоопкерчилик тартчулардын тизмесине кошту. Күнөөңүз бар экенин моюнга аласызбы? Албасаңыз, ТЭЦти модернизациялоого байланыштуу Кытай менен түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына карты келээрин билип туруп эмнеге ооз ачкан жоксуз? Эмне болсо ошол болсун деп, мурдуңузду балта кеспей кайдигер карадыңызбы? Кытайдан алынган насыялар менен ишке ашырылган бир топ ири долбоорлорго байланыштуу көп былыктар ашкере болууда. Сиздин бул иштерге канчалык тиешеңиз бар? Кытай тилин мыкты билгениңизден жалаң Кытайдан инвестиция тартууга басым жасалдыбы? Бул эмгегиңиз үчүн кандай сый көрдүңүз же үлүшкө ээ болдуңуз?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: