Menu

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге оңтойсуз суроолор?…

Бөлүшүү:

Космосбек Сариевич, Саламатгыкты сактоо тармагынын эки тизгин, бир чылбырын колуңузга алып, ишти эмнеден баштадыңыз? Сиз буга дейре министрликтин Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментин тейлеп турганыңызда, коррупциялык схемаларга шектелип кылмыш иши козголуп УКМКнын СИЗОсуна отуруп чыккан экенсиз. Кылмышка шектүү адамдын министр болуп калаганына кандай карайсыз? Мындай көрүнүш бир гана биздин өлкөдө болчу көрүнүшпү же дүйнөдө ушундайбы? Сизде маалымат болсо бөлүшө аласызбы, жеке эле мен эмес, мына түкүнчө дегендер бар деп?.. Негизи эле сизди министрлик кызматка ким сүрөдү? Жашыруун болбосо айтып берсециз? Эл билсин. Кызматка келгенге акча бердиңизби же тааныш-билиштик жардамга келдиби? СИЗО менен министрлик креслонун айырмачьшыгы туурасында 3 мисал келтире кетсеңиз? Сизди Саламаттыкты сактоо тармагында иштегендер акча жасаганды мыкты билет, ошол себептен министр кылышты деп кеп кылышат экен. Ушул чынбы? Чын эле акча жасоонун чеберисизби? Дары-дармек департаментинде иштеп турганыцызда эмненин ичинен чыктыңыз эле? Козголгон кылмыш ишине качан жооп бересиз? Саламатгыкты сактоо тармагында коррупция күч экени маалым. Кантип күрөшкөнү жатасыз? Коррупцияга шектелген адам коррупция менен күрөшө алаарына ишенесизби? Ичип-жегендер, мамлекеттин казынасына кол салгандар эртедир-кечтир мыйзам алдында жооп бериши керек дегенге кошуласызбы? Кошулсаңыз, министрлик кресло ыцгайлуу эле сезилип жатабы? Же шибегеге отургандай абалда жүрөсүзбү?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: