Menu

Видео – Арменияда коррупциялык иш боюнча генерал-депутат кармалды

Бөлүшүү:

Генерал-лейтенант Манвел Григорян

19-июнда армян парламенти мурда бийликте турган Республика фракциясынын мүчөсү, генерал-лейтенант Манвел Григорянды депутаттык мандатынан ажыратты. Ага каршы кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы генералдын дачасында жүргүзүлгөн тинтүүнүн видеосун жарыялады. Үйдөн курал-жарактын түрү: миналар, гранаталар, тарсылдак шашкилер, автоматтар, ар кайсы калибрдеги миңдеген ок табылган. Ошондой эле 30дан ашык транспорт каражаты, анын ичинде «Роллс Ройс», «Тойота», «Мерседес», «Хаммер» үлгүсүндөгү машинелер, жол тандабастар, карда жүргөн автоунаалар, «Тез жардам» машинеси жана аскерий маанидеги техника чыккан. Атайын кызмат он миллиондогон драм жана жүз миңдеген доллар дагы табылганын билдирди.

Андан тышкары 2000-2008-жылдары Армениянын коргоо министринин орун басарынын кызматын аркалаган генералдын үйүнөн 2016-жылы Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжалга катышкан жоокерлерге багытталган азык-түлүк салынган жүздөгөн ящиктер, дары-дармек, аскерий форма, байпак, бут кийим жана ич кийимдер чыккан. Атургай калайдагы сүт, эт салынган ящиктерде мектеп окуучуларынын каттары кошо калган. Бул генерал жоокерлерге делген гуманитардык жардамды өз үйүнө түшүрүп алган деген шек жаратты.

Манвела Григорян мурда бийликте турган Республика партиясынан депутат болгондон кийин, уулун Эчмиадзина шаарына мэр кылган.

Генерал Григоряндын иши – Никол Пашиняндын өкмөтү баштаган коррупция менен көмүскө экономикага каршы күрөштүн бир бөлүгү катары бааланууда.

Генералдын үйүндө табылган жоокерлерге багытталган азык-түлүктөр

Генерал Григоряндын дачасынын жертөлөсүндөгү тинтүү.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: