Menu

ФИФАнын талап мөөнөтү өттү. Кыргызстан беттешүүлөрүн мындан ары Алматыда өткөзөбү?

Бөлүшүү:

Борбордук Д.Өмүрзаков атындагы стадион футбол боюнча дүйнөлүк ассоциациянын (ФИФА) талаптарына таптакыр жооп бербей турганын билесиздерби? Бирок, ошого карабастан, дүйнөлүк футбол босстору абалыбызга түшүнүп, Азия оюндарына тандалма оюндарын өз талаабызда өткөзүүгө уруксат беришкен. ФИФанын бизге берген мөөнөтү аяктады. Бул маселе Темир Сариевдин премьер-министр болуп турган кезинде көтөрүлүп, ал жаңы стадиондун курулушун демилгелеген болчу. Бирок, ишти баштаганга үлгүргөн эмес. Өз алдынча эгемен мамлекет болуп туруп, курама командабыз ойной турган стадиондун жоктугу өтө уят көрүнүш. Эми кийинки оюндарды Кыргызстан жакыныраак турган Алматыга барып өткөзгөндөн башка аргасы калбады.

Президент Сооронбай Жээнбеков саясий эркин көрсөтүп, коррупционерлерди кустуруп, ал каражаттарга көз жоосун алган жаңы стадион куруп берсе, өмүр бою алкышка татыйт эле. Аскар Шадиевге мисалы, “стадион курсаң камабайбыз”- десинчи, дароо макул болот. Аскар Салымбековго окшогон байлар эмнеге унчукпайт? Патриотмун деп төш каккан башка байларчы? Кыргызстандын карызын төлөө үчүн эсеп ачкан өкмөт башчы М.Абылгазиев жаңы стадион үчүн эсеп ачса, биздин оюбузча, керектүү сумма бат эле табылып калмак…

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: