Menu

Кытайдын карызынан кутулуу үчүн атайын эсепти байларга гана ачыш керек

Бөлүшүү:

Кытайдын карызынан кутулуу үчүн байларга багыттап атайын эсеп ачыш керек боюнча “Ачык сөз” гезити мурда эле айтып чыккан. Ал тургай миңдеген адамдар өз ой-пикирлерин жазышып, колдоого алышып, кадимкидей шыктанышкан. Чынында эле карыздан кутулуунун реалдуу жолу ушул болчу. Анан өкмөт тараптан элди нааразы кылган эсеп ачылганы тууралуу тескери пикирлер каптап кетти.  Ошондуктан ишти ийге келтирүү үчүн ошол ачылган эсепти карыздан кутулуунун амалында байларга ачылды деп түзөтүү киргизип койсо неге болбосун? Өкмөт өзүнүн имиджин ушундай байсалдуу чыйыр аркылуу гана көтөрө алат. Же байлардын каарынан жүрөгү опкоолжуп атабы?

Маселен эмитен эле Камчыбек Жолдошбаев миллион сом которууга чечкиндүү болду. Дагы аны көтөрмөлөп, ийинден чыгарар кеп айтып жиберсек ал каражат долларга айланып кетиши турган иш. Эмнеге, Шаки, Аскар Салымбеков,  Акылбек Жапаров, Абдимуктар Маматов, Азамат Арапбаев мындай жөрөлгөдөн сыртта калышы керек?  Ушул өңдүү байлар козголуп жиберишсе башкалар дагын чепкенин желбегей жамынып жетип келмек. Айтор, байларга атайын эсеп ачып, алардын кандай “мекенчил” экендигин сынап көрүш мезгилдин өкетөм талабы болуп турат. Антпесе сүт эмизип жүрө беришет, каалгый басып…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: