Өрүктүн ширин даамын бала кезинен туйгандар акчанын кандай жыттанаарын да башкаларга караганда эрте сезишкени чындыкка дал келип турат.
Азыр Американын чоң шаарында колтук алышып, күнү-түнү эзилише маектешип жаткандар эмнени сүйлөшүп жатты экен? Албетте, кантип Кыргызстанга кайтуунун жолдору туурасында кызуу кеп алышып жатышкан чыгар? Кантсе да туулган жердин турпагы алтынга алмашкыс эмеспи? Балким өздөрү да минтип мекенден сыртта калам деп үч уктаса түшүнө кирбегенин боолголоп жатышса керек?
Биринчи болуп Америкага чумкуган Аскарбек Шадиев күн алыс Икрамжан менен сүйлөшүп турганы калп эместир? Анан эптеп ажылыкка аттанган Илмиянов да артка кайрылбай түз эле Америкага зуу койгонун айтып чыгышты. Балким ак үй тараптан чыккан добушту күтүүгө аргасыз болуп жаткандыр? Анткени азыркы ажонун тагдырына оң “кут” түшүргөн өзү экенин кошо барган ажыкелерге баян эткен турбайбы? Бекер жерден жел жүрбөсүн билебиз да? Эмнеси болсо да эки көпөстүн басып алган байлыктарына эми чөп саялбай калдык окшойт. Буга окшогон болумуштарды башыбыздан кечирбедик беле? Кайран жашылбайлар, кыргыз элине буйрубаган!
P.S. Акыркы маалыматтарга таянсак И.Илмиянов Россияда жүргөн имиш. Ал жерден качан кайтып келээри белгисиз.
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ