Menu

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: КСДП Атамбаевдин менчик партиясы, андан аны тартып алуу оңой эмес

Бөлүшүү:

-Равшан мырза, Атамбаевден оомат кеткенден пайдаланып, аны лидерликтен кетирип, партиясын тартып алууну көздөгөндөр чыга баштады. Атамбаев партиясынан кол жууп калышы мүмкүнбү?

– Атамбаевден КСДПны тартып алууну каалагандар болгону менен, анын партиясын тартып алуу оңоюу менен ишке аша турган нерсе эмес. Анткени, КСДП Атамбаевдин жеке менчик партиясы. Кыргызстанда бардык эле партиялар лидерлердин жеке менчиги болуп эсептелет. Бирок, ошондой болсо да КСДПнын айрым мүчөлөрү партияны тартып алуу аракетин көрө башташты. Менимче Атамбаевдин оор абалы партиянын ичинде өйдө-ылдый сөздөрдү, чыр-чатактарды жаратышы мүмкүн. Бирок, толугу менен партияны тартып алуу партиялаштарынын колунан келбейт. Атамбаевди коркутуп, ал боюнча терс пикирлерди жаратып, чабуулдарды жасап, анын кадыр-баркына доо келтириши мүмкүн бирок, партиясын тартып алалбайт.

– Исаков, Кулматов, Артыкбаев, Сатыбалдиевдин камалышында Атамбаевге көрсөтмө алып, аны да жазага тартуу аракети жокпу?

-Бул аябагандай чоң, маанилүү көрсөткүч. Бул жерде массалык маалымат каражаттарынынын, граждандык коомдун өкүлдөрүнүн орду аябагандай зор. Анткени, коом президенттен, өкмөттөн, укук коргоо органдарынан талап кылып, “коррупция боюнча кылмыш ишин козгосоңор, алар жоопко тартылышы керек” -деп жатат. Эгер чечкиндүү кадамга барышпаса, анда коомдо мунун баары тескери кабыл алынат. Ошон үчүн президент буларды камоого барды. Чынында булардын камалышы Атамбаев үчүн чоң коңгуроо. Эгерде жакынкы убактарда “Атамбаев бийликке каршы сөздөрдү айта турган болсо, камалат” деген коңгуроону кагып жатат. Себеби, президенттин кол тийбестигин алуу, аны жоопко тартуу мыйзамы талкууга алына баштады. Мына ушунун баары мезгили келгенде Атамбаевге кыйынчылык, көйгөй жаратат.

– Атамбаев үч кадрын камаганда үн катып, камоону “өч алуу” деди. Ал ишенген кадрларлын камалышы чын эле өч алуубу?

-Саясатта үстүртөн караганда байкалбаган процесстер болот. Бирок, Атамбаевдин командасындагы таасирдүү адамдардын камакка алынышын өч алуу деп атаганга болбойт. Себеби, Сооронбай Жээнбеков оппозициялык партиядан келген жок. Ал Атамбаевге оппозиция да эмес болчу. Ошон үчүн өч алуу деп айтканга азырынча негиз жок. Бирок, эгерде ушул процесстердин аягы кандайдыр бир жемишин бербесе, президент сот тармагында, элдин баары нааразы болгон укук коргоо органдарында реформаларды жасап, коомдун көңүлүн буруп, өзүнө аброй топтой албаса, жарым жылдан кийин азыркы процесстер саясый куугунтукка, өч алууга өтүп кетиши мүмкүн.

– Расмий визит менен барганда Алмазбек Атамбаевге караганда Сооронбай Жээнбековду чындап эле жакшы кабыл алып жатышабы же бизге ошондой сезилип жатабы?

– Жаңы президенттер расмий визит менен барганда бардык эле мамлекет жакшы кабыл алат. Түркия, Казакстан, Кытай баары жакшы кабыл алды. Биз жакшы кабыл алганына кубанбай, мындан аркы мамилебиздин келечеги кандай болот, ошону ойлонушубуз керек.

– Президент бир туугандарын кызматка алып келбесин айткан эле. Ал билими жетиштүү болсо да, айтканына туруп, тууган-уругун кызматка койбойт деп ишенсек болобу?

– Негизи бардык эле президенттер ошентип айтат. Атамбаев деле ошентип айткан. Биз тууган уругун алып келбесе эле мамлекет өнүгүп кете тургандай көрөбүз. Чынында кеп тууган-уругун алып келгенинде эмес, көп мамлекетте маанилүү реформалар жасалганында. Демократиялык мамлекетте туугандары менен деле жакшы иштеген, мамлекет үчүн пайдалуу иштерди жасаган учурлар арбын эле. Болгону, туугандарын коомчулук менен журналисттер катуу көзөмөлдөп турушат. Бирок, бизде жакындары келсе эле бийликке аралашып кетип, “басып алып, өз билгендерин кылат”- деген коркунуч күч. Биз Сооронбай Шариповичтен жакындарын кызматка келтирбе дегенден мурун реформаларды жасашын талап кылышыбыз керек.

– Сиздин Сооронбай Жээнбековго кирип, “командаңызды күчтөңүз” деп айтканыңыз айтылып жатат. Ошол чынбы?

– Мен антип президентке кирген деле эмесмин. Бирок, биз Жээнбековго эмес, Атамбаевге оппозиция болчубуз. Жалпысынан ал киши менен мамилем жакшы. Азырынча Сооронбай Шариповичтин аракетин колдойбуз. Эгер мындан жыйынтык чыгарбаса, анан оппозиция болобуз.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: