Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча энелер лигасынын аймактык оюндары Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинде болуп өттү.
Үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Кантөрө Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде (ЭАУ) Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча федерациясы Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча энелер лигасынын түштүк аймагындагы командаларынын арасында мелдеш өткөрдү. Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдады.
Мелдешке 14 аялдар командасы катышты, алар – Ош областынан 9 команда, Жалал-Абад областынан 4 команда, Баткен областынан 1 команда. Кызуу мелдештерден кийин биринчи орунду Ош шаарынан келген “Ош” командасы, экинчи орунду жалалабаддык “Көк-Арт” командасы, үчүнчү орунду Ош областынан келген дагы бир “Ош-Датка” командасы ээледи. Мелдеште жеңген командаларга сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.
Бул оюндардын уюштуруучулары, катышуучулары мелдеш үчүн мыкты шарттарды уюштуруп бергени үчүн ЭАУ ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыковго терең ыраазычылык билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ