Menu

Алмазбек Акматалиев, саясый серепчи: Саясый куугунтук деп атамбаевчилер башка аргумент таппагандан айтып жатышат

Бөлүшүү:

ТЭЦ чуусуна байланыштуу мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин камалышы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Айрымдар «саясый куугунтук» деп айтып чыгышты. Таасирдүү саясатчы же, кайсы бир партия лидери эмес экенин эске алганда, Сатыбалдиевдин коррупцияда айыпталып, камакка алынышын саясатка эч байланыштырбагандар көп. Бир ай ичинде камалган мурдагы эки өкмөт башчынын бири Жантөрө Сатыбалдиевге байланыштуу айтылган кептерге саясый талдоочу Алмазбек Акматалиевдин оюн угуп көрдүк.

-Алмаз агай, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин камалышын саясый негизге байлагандар да чыгууда. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

– ТЭЦти модернизациялоо долбоору боюнча Кыргызстанга келген 386 миллион доллардын 200 миллиону уурдалганы факт. Бирок, ал милиондорду ким жеп алды, кимдер бөлүшүштү- муну тергөө органдары аныктай турган иш. Азыр ошол иштин алкагында камоолор жүрүп жатат. «Саясый куугунтук» деп бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун кереги жок. ТЭЦ иши боюнча азыркы күнгө карата ондон ашык адам камалды. Анын баарын тең «күнөөлүү» деген эч ким жок. Күнөөнү сот гана коёт. Ошол эле учурда аларды «бул иштерге таптакыр тиешеси жок, күнөөлүү эмес, туура эмес камалды» деп айтуу да мүмкүн эмес. Анткени, чоң акча уурдалды. Бирөө-жарым сөзсүз күнөөлүү. Ошол күнөөлүүнү издөө процесси жүрүудө.

Ал эми Сатыбалдиевдин камалышын «саясый куугунтук» деп атагандар атамбаевчилер болуп жатат. Атамбаев өзү «жалаң Атамбаевдин кишилери камалып жатат» деп айтгы. Ошо кезде жалаң Атамбаевдин кишилери бийликте турса, ошолор бийлеп, иштин баарын: модернизация келишимин даярдагандар да, акчаны алып келип, ишти чала-чарпыт бүтүргөндөр да, айтор, баарын өз билгендеринче кылгандар ошолор болуп жатышса, кимди камайт?

Экинчиден, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Жантөрө Сатыбалдиевди «саясый фигура» деп деле айтпайм. Жантөрө мырза канча жылдан бери саясатта жок. Сапар деле көз карандысыз саясатчы боло албады. Оппозицияны жетектеп иштешпесе, өз таасирлерин көрсөтө алышпаса, аларды «саясый куугунтукка алынды» дегенге такыр болбойт. Ал эми Текебаевге «саясый куугунтук болду» десек туура болот. Ал саясый лидер, оппозициячы, чоң бир партиянын башчысы.

– Президенттин коррупция менен күрөшүү кадамына кандай баа бересиз?

– Президент Сооронбай Жээнбеков бирөөгө жагабы-жакпайбы, шайлоо алдындагы элге берген убадаларын аткарып баштады. «Мен коррупция менен күрөштө досума да, тууганыма да карабайм, аёосуз күрөшөм» деген. Ал айткандары мына ишке ашып жатат. Сыйыртмакты биринчи кезекте өзүнун мурдагы партиялаштары, КСДП мүчөлөрүнө салды. Эч кимди коргогон да, колдоп-жактаган да, саясый куугунтук да кылган жок. Мындай батылдыкка өзү таза адам гана бара алат. Жээнбеков ыплас иштерге аралашкан эмес. Эгер далил болсо, азыркы саясый оппоненттери аны пайдаланмак.

– Камоолор менен коррупцияны токтотууга мүмкүнбү?

– Жок, жалаң камоолор менен эч нерсени чече албайбыз. Камоолор болуш керек, күнөөлүүлөр жазаланууга тийиш. Бирок, чыныгы коррупциянын өзөгү, чыныгы күнөөлүү адамдар табылып, аты аталып, сот тарабынан айыбы мойнуна коюлуусу зарыл. Анан буйрук берген адам көмүскөдө калып, анын буйругун аткаргандар, алып барып чөнтөгүнө салып бергендер коррупционерлер болуп камалып кетишсе, адилеттүүлүк деген кайда калат? Грузияда, Сингапурда, Малайзияда коррупцияны жоюу үчүн масштабдуу камоолор болгон. Армения менен Украина да ошону жасап жатат. Бирок, камоолор менен бирге коррупцияга мүмкүнчүлүк бербегидей, себеп таппай калгандай кылып, системдүү реформа жүргүзсө, анда оңолобуз. Коррупцияны тукум курут кылуу үчүн терең реформага баары бир муктажбыз.

– ТЭЦтин иши боюнча камоолор күчөй баштаганда «өлкөдө экономика түшүп кетти» деген негиздерди да айтып жатышат. Экономикалык абалга анын кандай тиешеси болушу мүмкүн?

– Экономикалык өсүштү же төмөндөөнү камоолор менен, коррупцияга каршы күрөш менен байлоонун кажети жок. Мындай негиздерди Атамбаевдин командасы келтирип, алар азыркы бийликти сындатууга алып барганга аракет кылышууда. Алардын башка аргументтери жок. Кыргызстан дүйнөдөгү эң жакыр 10 өлкөнүн бири. Ага кечээки келген президенттин же премьердин күнөөсү жок. 25 жылдан бери жакырчылыктын катарынан чыга элекпиз. Ошого коррупция кедергисин тийгизип жатпайбы. Миллиондогон долларлар уурдалып кетип жатса, кантип экономикабыз өсөт? Баса, жакшы бир жаңылык уктум, жыл башынан бери коррупциялык иштердин эсебинен 100 миллион сом бюджетке түшүптүр. Бул жакшы тенденция. Мына, коррупцияга сокку урмайынча, экономиканы көтөрө албайбыз дегендин башкы белгиси.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: