Menu

Коррупцияга каршы күрөштө “Комиссар Каттанидей” эрктүү жетекчилер керек

Бөлүшүү:

Кайсы бир советтик кинотасмада жаралуу арстанды ортого алып, алдан тайыган жаныбарлардын сырттанын баарылап талаган чөөлөрдүн эпизоду боло турган. Ошол көрүнүштүн образы кыргыз саясатында азыр кадимкидей күчүнө кирүүдө. Эмесе, бул жагын бирин-экин мисалдар менен эле баян этип койсок болот.

Экс-президент Атамбаевдин учурдагы тагдыры кудум ошол советтик кинотасмадагы жаралуу арстандын мисалын туюнтууда. Бүгүн Атамбаевден оомат тайып, ага кошул-ташыл боло өзү алып келген Сооронбай Жээнбековдун бийлиги анын бийликтеги канат-бутагын кыркканы аз келгенсип, эң ишенимдүү жандоочторунун алдын камап, артына иш козгогону экс-президентке моралдык жактан күтүлбөгөн катуу сокку болду. Дал ушул ыңгайдан пайдаланган бир катар коңулда жаткан саясатчыларга Кудай берди. Атамбаевге ыгы келсе-келбесе да асылышып, төө бастыга алышууда. Кыргыз саясатчыларынын кошоматчы, анык сатылма, кубулма жүздүү экенин ушундан билиңиз, кечээ Атамбаев бийликте күркүрөп турган чагында «улуу урматтуу Алмазбек Шаршенович» деп келиңдей жүгүнгөндөр бир заматта чүмбөттөрүн шарт сыйрышып, биринен сала бири экс-президентти төө бастыга алышууда. «Жоо кеткенден кийин кылычыңды покко чаап»,  Атамбаевди жамандоо менен азыркы бийликтен кызмат үмтөтүп жатышкан «баатыр сымал» саясатчылар тууралуу алдыңкы күңдөрү шашпай кеп козгоп, жышылып бүткөн жүздөрүн ачпасак болбойт окшойт.

Аныгында Атамбаевдин күркүрөп турган ажолук доорунда ага каршы туруп, эски бийликтин ыплас саясатын шылый чаап, тилин тишине катпаган саналуу гана саясатчылар боло турган. Андай тизменин сап башында айтылуу эр жүрөк генерал Өмүрбек Суваналиев, Б.Талгарбеков, Ө.Текебаев, Б.Наргозуев, Р. Жээнбеков, К.Кадыров, Б.Асанов жана Атамбаевдин жакшылыгы менен кызматтык карьера жасашса да адилеттүүлүк үчүн жалтанбаган А.Турдукулов, Ж.Акаев сыяктуу эки колдун манжаларын жумсаң жетпеген айбаттуу таза саясатчылардын бар экенин баса белгилөө керек. Булардын ичинен 2010-жылдын 7-апрелинен тарта дээрлик бийликтин «эки тизгин, бир чылбырын” колго алган Атамбаевге ошол мүнөттөрдөн тарта оппоициялык көз карашын жарыялаган айтылуу «Комиссар Каттани» атыккан Өмүрбек Суваналиевди өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Баарыбызга маалым, 2010-жылдын 7-апрелинин кечинде дал ушул каарманыбыз Атамбаевдин үйүнө барып, сыртта кан күйүп жатканына карабай анын «Өмүрбек, ИИМ менен УКМКнын бирин тандап, башкарып бер» деген сунушуна моюн толгоп, ошол мүнөттөрдөн тарта Убактылуу өкмөт, өзгөчө Алмаз Шаршеновичтин бийликке туура эмес келгенин ачык жарыялап турган. Кийинчерээк Атамбаев экөөнүн жарасы ырбап, каарманыбыздын эл берген ысымын булгап «Өмүрбек «Каттани» эмес, «Көтани» деген кезектеги оозуна ээ боло албаган оолукма сөзүнөн кийин генерал Суваналиев «Алмаз Атамбаев менин биринчи душманым, ал мен үчүн авторитет эмес» деп ага карата ачык согуш жарыялаган. 2011-жылдагы президенттик шайлоого талапкер болгон Өмүрбек Суваналиевге андагы бийликтин талапкери Атамбаев бир катар чабармандарды жиберип, элдешүүгө, бир кездеги айткан сөзү үчүн кечирим суроого батынганы тар чөйрөгө белгилүү. Эл берген атын булгаганы үчүн айбаттуу генерал Атамбаевдин телеканалдар аркылуу эл алдында ачык кечирим суроого батынса гана сүйлөшө турганын айтып, ортого түшкөн чабармандарды келген жагына узатып турганы бар. Бирок, ойлонулбаган «балп этме» сөздөрү үчүн генерал Суваналиевдин алдында Атамбаевдин кечирим суроого духу жетпегенин, алтургай теледебатка чакырса да келгенге жарабай койгону жалган беле?

Атамбаевдин президенттик алгачкы доорунан тарта анын бийликтин бийик серелерине бир кездеги катчы, жансакчы, шопурларын акырындан жыйнап баштаган жүрүшүн дал ушул элдик генерал алгачкылардан коңгуроо какканы эсиңердеби? Ошол мезгилдерде Суваналиев “Атамбаевдин колунан эч нерсе келбейт, президент катары өлкөнү башкара албайт, ал болгону «разрушитель» деп тайманбастан өз көз карашын чагылдырып турган. Атамбаев президент болгон алгачкы жылдары парламент менен өкмөттү «минип алып», өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чаап пайдалана баштаган. «Кылт» этип каш кайтарган саясатчыларга «коррупцияга каршы» деген жарлыкты жабыштырып, камоолорду баштаганычы? Артында «шакмары» бар, жүзү жок, коркок саясатчылардын дээрлик баарысы (азыр түштөн кийин баатыр болуп Атамбаевди сындап жаткандар) ийинге кире качышкан. Анын мындай өкүмзордук, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүн легалдаштырып, аларды аралаштыруу менен баардык бийлик бутактарын узурпация кылып, бир колго топтоп алган жүрүшүнө кайрадан «Комиссар Каттани» каршы туруп, анын бийлигине карата «Каршылык көрсөтүү» кыймылын негиздеп, Акүйдүн ыплас саясатына күрөштү күчөткөн.

«Каршылык көрсөтүү» кыймылынын башкы тезиси да «Атамбаев бийликти узурпациялабасын, мунун аягы жаман бүтөт, баардык жерге башын салбай Башмыйзам боюнча гана иштесин» дегени бар. Дал ошол ураан турмуш чындыгына айланып, азыр ошондогу башкаруунун айынан өлкөбүз бардак абалга кептелгени жалганбы? Ошондо мамлекеттик ММК аркылуу бийлик Суваналиевди күндүр-түндүр башынан ылдый жугунду куюп, ыплас технологиялар аркылуу ылай чачып турган.

2015-жылдары парламент менен бийлик бутактарына өңчөй өзүнүн айтканынан чыкпагандардан команда курап, Атамбаев өлкөнү айланасындагыларга биротоло «басып берип» баштаган. Мындайга чыдабаган каарманыбыз алгачкылардан «Атамбаев тез арада кызматын таштап, эркекче отставкага кетип калсын» деп кайрадан каршы чыккан. Андагы бийликтин ыплас саясатын шылый чаап, өлкө башчысына карата «Алмаз Атамбаев менин биринчи душманым» деп сес көрсөткөн «Комиссар Каттани» Алмаз Шаршеновичтин коррупциялык, өзүмбилемдик менен жүргүзгөн саясатына каршы болуу менен өлкөдөгү абалга карата тынчсызданып, ар убак ММК аркылуу агынан жарылып, чындыктын жарчысына айланган. Анын Атамбаев бийлигинин коррупциялык, криминалдык, өкүмзордук саясатына каршы айткан ташка тамга баскандай таамай анализдеринин туура болгондугу бүгүн турмуш чындыгына айланууда. Кырдаалды ар убак алдын ала канындагы оперативдүүлүк сапаты менен туя билген мындай аналитиктин бийик билими менен зор тажрыйбасы ар убак мамлекет, эл үчүн керек болорун мезгилдин агымы өзү ырастоодо. Коррупцияга каршы күрөштө бийликке бүгүн дал ушундай арты таза, бекем эрки бар, тажрыйбалуу мамлекетчил инсандар аба менен суудай зарыл. Муну бүгүнкү бийлик башындагылар да ойлонушу кажет.

Канжар Борпошов

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: